«Жээнбековдун түбүнө Матраимовдор жетет» деген Суваналиев кызматынан бошотулду

Президент Сооронбай Жээнбеков 10-октябрда Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев жана анын орун басары Өмүрбек Суваналиевди ээлеген кызматтарынан бошотту.

Өмүрбек Суваналиевдин ордун Жаныбек Капаров келди, ал эми Коопсуздук кеңештин жаңы катчысы дайындала элек. Капаров буга чейин Генералдык штабдын башчысы болуп, 2016-жылы кызматынан бошотулган.

Өмүрбек Суваналиев 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан аттанган — ал талапкер болуп катталган соң өз кызматынан убактылуу четтетилген.

Ал эми 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги Ак үйдү басып алууга айланган соң Суваналиев УКМКнын имаратында иштеп жаткан. Ошол эле мезгилде Суваналиев өзүн күч органдарынын координатору катары жарыялаган.

Кырдаал турукташа баштагандан кийин 9-октябрда аны УКМКнын кызматкерлери атайын кызматтын имаратынан чыгарып салышкан. Суваналиев болсо ал УКМКда күч органдарынын ишин уюштуруп жүргөнүн айткан.

«Биз ал жерде [УКМКда] болгону ишти уюштурууга жардам бердик, азыр бүтүп кайттык. Алардын структурасына ылайык УКМКнын башчысынын орун басары бар — азыр ал ишти жүргүзөт. Мен болсо Коопсуздук кеңештин катчысынын орун басары катары координациялаганмын. Бирге аракеттендик», — деген Суваналиев «Акипресс» басылмасына.

«Сооронбай Жээнбеков Матраимовдордун туткунунда калган»

Үгүт иштери башталганда «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен парламенттик шайлоого аттанган Суваналиев президент «Сооронбай Жээнбеков Матраимовдордун туткунунда калганын, анын түбүнө дал ошолор жетерин» айткан.

Ал ишендиргендей, күч түзүмдөрүндө иштеген жетекчилердин көбү бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов менен учурунда чогуу иштеген, табакташ достор.

«Бүгүнкү күндөгү күч түзүмүн карасаңар — УКМК, ИИМ, финансылык чалгындоо, финпол, башкы прокуратура [бул кызматтарда жетекчилик орунда отургандар - автор] бардыгы Матраимов менен Ошто иштешкен жигиттер. Ошол эле финполиция менен тууган болуп кетет. Азыркы министрдин [ИИМ] орун басары Памир Асанов Райым Матраимовго куда болот», — деген ал.

Андыктан алардын бардыгы «Матраимов менен жакшы жана ал менен эсептеше турганын» Суваналиев кошумчалаган. Ошол эле маалда президенттин «факты бергиле» деген сөзү эле көп нерседен кабар берерин белгилеген.