Экс-депутат Анарбек Калматов президенттин парламенттеги өкүлү болуп дайындалды

Президенттин м.а. жана парламенттин спикери Талант Мамытов Анарбек Калматовду президенттин парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү кызматына дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду. Калматов президенттин аппарат башчысынын орун басары даражасында кызматка киришет. Ал буга чейин президенттин алдындагы Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы болгон.

Президенттин Жогорку Кеңештеги буга чейинки өкүлү Курманбек Дыйканбаев кызматынан бошотулуп, эки айга УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Ал кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шектелүүдө.

УКМКнын маалыматына ылайык, Дыйканбаев 2020-жылы октябрда шайлоо өнөктүгү жүрүп жаткан маалда «саясий партиялардын биринин кызыкчылыгын көздөп», мамишканалардын биринин жетекчисин кызматтан алам деп коркутуп ага 7 млн сом берүүгө мажбур кылган. Өткөн шайлоого Дыйканбаев Жээнбековдор кланы менен байланышы бар делген «Биримдик» партиясынан барган.

Калматов деген ким?

57 жаштагы Анарбек Калматов укук таануучу тармагында билим алып, дээрлик өмүр бою прокуратура органдарында эмгектенип келген. Ал 2009-жылы аялынын туугандарына муниципалдык участокторго ээ болууга жардам берген деп айыпталгандан кийин Бишкек шаардык прокуратурасынан отставкага кеткен.

Бирок кийинки жылы эле Калматов «Ар-Намыс» партиясынан парламентке депутат болуп келген. Ал кийинчерээк Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган.

Калматов 2011-жылы президенттикке талапкерлигин коюп, ал тургай акыркы тизмедеги 16 талапкердин арасына кирген — алгач президент болом дегендердин саны 80ден ашкан болчу.

Калматов шайлоо кампаниясында инвесторлорду тартуу үчүн салык системасын жөнөкөйлөтүүнү жана окшош болгондугуна байланыштуу салыктын бир түрүн — кошумча нарк салыгын же сатуу салыгын жоюуну убадалаган.

Шайлоо өнөктүгү учурунда, Калматов ошол кездеги премьер-министр Алмазбек Атамбаев админ ресурсту колдонду деп билдирген. Анын айтымында, Бишкектин мурдагы мэри Иса Өмүркулов төрт райондун акимин, эгерде алар башкарган аймак Атамбаевге жетиштүү добуш алып келбесе кызматтан алам деп коркуткан.

Калматов 2015-жылы депутаттык мандатын тапшыргандан кийин Асылбек Жээнбековдун коомдук кеңешчиси катары 2018-жылдын май айына чейин иштегени белгилүү. Ал 2020-жылдын мартында Сооронбай Жээнбековдун тушунда Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын жоопту катчылыгына дайындалган.

Ошондой эле, Калматов «КРдын мамлекеттик бийлик органдар системасындагы прокуратуранын конституциялык-укуктук макамы» темасында кандидаттык диссертациясын жактаган. Мындан тышкары, I класстагы юстиция кеңешчиси (полковник) жана II класстагы мамлекеттик кеңешчи даражасынын ээси.