Президенттин парламенттеги өкүлү Дыйканбаев 2 айга УКМКнын тергөө абагына киргизилди

Бишкектин Биринчи май райондук соту президенттин парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаевди 2021-жылдын 24-январына чейин УКМКнын ТИЗОсуна кармоо өкүмүн чыгарды.

Президенттин басма сөз кызматы Дыйканбаев ээлеген кызматынан берген арызга ылайык бошотулганын билдирди. Тиешелүү жарлыкка президенттин м.а. Талант Мамытов кол койду.

Ал 24-ноябрда «Кызмат абалынан кыянат пайдаланууга» шектелип кармалган.

УКМКнын маалыматына ылайык, Дыйканбаев 2020-жылы октябрда шайлоо өнөктүгү жүрүп жаткан маалда «саясий партиялардын биринин кызыкчылыгын көздөп», мамишканалардын биринин жетекчисин кызматтан алам деп коркутуп ага 7 млн сом берүүгө мажбур кылган.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Дыйканбаев ал акчаны шайлоо алдындагы кампанияда, шайлоочулардан көп добуш алууну камсыздаш үчүн колдонгон.

Курманбек Дыйканбаев президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 2018-жылы дайындалган, ал 4-октябрдагы шайлоо убагында милдетин аткарууну убактылуу токтоткон.

Парламенттик шайлоого Дыйканбаев «Биримдик» партиясы менен барган. «Биримдик» шайлоодо көп добушка ээ болуп, алдыңкы катарга чыккан, бирок 6-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгы менен макул эместердин нааразылык акциясы Ак үйдү басып алуу менен аяктап, БШК шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарган.

ТЕМА БОЮНЧА: УКМК президенттин экс-өкүлүн үгүт үчүн 7 млн сом мыйзамсыз алууга шектеп кармады