УКМК президенттин экс-өкүлүн үгүт үчүн 7 млн сом мыйзамсыз алууга шектеп кармады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы президенттин парламенттеги мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаевди кармады. Kaktus.Media басылмасы УКМКнын басма сөз кызматына таянып билдиргендей, Дыйканбаев 7 млн сом мыйзамсыз алган деп шектелип кармалган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2020-жылдын октябрь айында Дыйканбаев мамлекеттик мекемелердин биринин башчысын кызматтан алам деп опузалап, аны 7 млн сом берүүгө мажбурлаган.

Андан соң, алган каражатты шайлоо өнөктүгү учурунда көбүрөк добушка ээ болуу максатында пайдаланган.

УКМК Дыйканбаевди 24-ноябрда «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси боюнча кармап, мамкомитеттин тергөө изоляторуна киргизди.

Курманбек Дыйканбаев президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 2018-жылы дайындалган, ал 4-октябрдагы шайлоо убагында милдетин аткарууну убактылуу токтоткон.

Парламенттик шайлоого Дыйканбаев «Биримдик» партиясы менен барган. «Биримдик» шайлоодо көп добушка ээ болуп, алдыңкы катарга чыккан, бирок 6-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгы менен макул эместердин нааразылык акциясы Ак үйдү басып алуу менен аяктап, БШК шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарган.