Вице-премьер жогорку окуу жайлар жаңы жылда ачыларын билдирди

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева твиттер баракчасында Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар Жаңы жыл майрамынан кийин ачыла турганын билдирди.

«Жаңы жылдан кийин ЖОЖдорду ачабыз, сураныч бир аз сабыр кылып туруңуздар. Ал эми шаарларда бала бакча боюнча маселелер жана кыйынчылыктар көп, аны карап жатабыз. Биз оор абалдагы (карылар жана өнөкөт оорулары бар) бейтаптардын массалык ооруканаларга түшүшүн көтөрө алабызбы деген гана маселе турат» — деген Сурабалдиева.

Буга чейин 27-ноябрда билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев кадимки окуу системасына кайтуу үчүн алгоритм иштеп чыгарылганын билдирген. Анын айтымында, 30-ноябрдан тарта алгоритм боюнча окуу жайларга жана студенттерге маалымат берилет.

Өлкөдө пандемиялык кырдаалдан улам 16-марттан баштап мектептер жана жогорку окуу жайлар үч жумалык карантинге жабылган. Бирок эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу ошол күндөн тарта ЖОЖдор ачылган эмес.

11-ноябрдан тарта 1 489 мектеп окуучуларды кабыл ала баштаган. Бирок алардын арасына Бишкек менен Ош шаарынын мектептери кирген эмес.