11-ноябрдан тарта 1500гө жакын мектепте окуу кадимки тартипте уланат

Бишкектик мектептеги сабакта отурган окуучулар. Сүрөт: Kloop.kg үчүн тарткан Даниль Усманов

Өлкө боюнча 11-ноябрдан тартып 1489 мектепте окуу кадимки тартипте башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Ага ылайык 1-класстан 11-класска чейинки окуучулар мектепке барат. Бишкек менен Ош шаарларында эпидемиологиялык абал оор болгондуктан Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти мектептерде реалдуу режимде окууну жандандырууга уруксат берген эмес.

Окуу тартиби мурдагы калыбында баштала турган мектептердин облустардагы саны боюнча Ош облусу алдыда. Министрликтин берген маалыматы боюнча Ош облусу – 434, Чүй облусу – 279, Жалал-Абад облусу – 220, Баткен облусу – 177, Ысык-Көл облусу – 160, Нарын облусу – 142, Талас облусу – 77 мектеп кадимки тартипте иштей баштайт.

«Эки жума бою реалдуу режимде окуу процесси жанданган мектептерде мониторинг жүргүзүлөт. Эгер абал туруктуу болсо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана саламаттык сактоо органдарынын макулдугу менен башка мектептерге (класстарга) реалдуу режимде окууга уруксат берилет», — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандагы мектептер 2020-жылдын март айынан тартып коронавирус пандемиясы күч алганда аралыктан окутууга өткөн. Жазында билим берүү министрлиги мектеп окуучуларына арналган атайын программа иштеп чыккан. Бирок, аталган окутуу ыкмасы бир топ кемчиликтерди ачыктаган.

Ата-энелер ведомство иштеп чыккан окутуу материалы окуучуларга түшүнүксүз, окуу программасы жайгашкан сайт жана мобилдик колдонмо начар, кээде таптакыр иштебейт деп нааразы болгон. Тийиштүү гаджет жана интернет жоктугунан мектеп окуучулары билим алуу укугунан куру калган.

Көйгөйлөргө карабай аралыктан окутуу жаңы окуу жылынын биринчи чейрегине чейин уланды.

ТЕМА БОЮНЧА

Балдарын мектепке жөнөтүүгө каршы болгон ата-энелер өздөрү окутат — Билим берүү министрлиги