Ноокатта 31 жаштагы тургун атасын өлтүрүүгө шектелип кармалды

Иллюстративдик сүрөт

30-ноябрда Ош облусунун Ноокат районунун Чеч-Дөбө айылынын 31 жаштагы тургуну өз атасын өлтүрүүгө шектелип кармалды. Ош ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдагандай, кармалган тургун 13 жашынан тарта психикалык жактан ооругандыктан каттоодо турган.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барган учурда, шектүү 63 жаштагы атасын кетмен менен башка чаап, мал байлачу жип менен муунтуп өлтүргөнү аныкталган.

«Маркумдун денесине кароо учурунда башында жарылган жаракаттар, моюнунда кызарып көгөргөн издер бар экени аныкталган. Маркумдун кийген кийимдерине, окуя болгон жерден алынган кетменге, жипке карата соттук-биологиялык, соттук-криминалистикалык экспертизалар дайындалды», — деп маалымдады Ош ОИИБи.

Ошондой эле, кармалган тургун беш бир туугандын төртүнчүсү жана ал үйүндө ата-энеси менен жашары белгилүү болгон.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Киши өлтүрүү» беренеси менен катталып, сотко чейинки тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Буга чейин мындан эки ай мурун Баткен облусунун Кыштут айылынын 46 жаштагы тургуну бир тууган агасын өлтүрүүгө шектелип кармалган. Шектүү маркумду «сен улгайып калсаң да апаң менен чогуу жашайсың» деген сөздөр менен тилдеп, бир нече жолу уруп-тээп, муунтуп салган.