Кытай 3-декабрдан тартып кыргыз-кытай чек ара постторунун өтмө жөндөмүн көбөйтөт

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Кытай «Эркечтам» жана «Торугарт» өткөрмө жайларынын иш убактысын 8ден 12 саатка көбөйтүп, ошондой эле аларды дем алышсыз, күн сайын иштөө режимине өткөрүүгө даяр.

«Автотранспорттун көбөйүшү суткасына 30 унаага чейин болушу мүмкүн», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Эки көзөмөл-өткөрмө бекеттин өткөрмө жөндөмүн жогорулатууга макулдугун Кытайдын кыргызстандагы элчиси Ду Дэвень премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков менен жолугушуу учурунда билдирген. Элчи Кытай тарап Кыргызстандын бир нече жолку кайрылууларынани улам «Эркечтам» жана «Торугарт» өткөрмө жайларынын өткөрмө жөндөмүн жогорулатуу боюнча бир катар кеңешмелерди өткөргөнүн белгиледи.

Ал «Эркечтам» өткөрмө пунктунун инфраструктурасын жакшыртуу үчүн Кытай тарап эки кампа куруп, контейнерлер үчүн кран орнотууну чечкенин билдирди.

Аны менен катар элчи «Торугарт» бекетинин иши аба ырайынан, өткөрмө аркылуу өтүүчү жүктүн өзгөчө алгоритминен жана коронавирусту жайылтпоо чараларынан көз каранды экенин белгиледи.

Артём Новиков маселени тез арада чечкендиги үчүн Кытай тарапка ыраазычылыгын билдирип, көзөмөл-өткөрмө бекеттеринин өткөрмө жөндөмүн жогорулатуучу бардык чараларды колдоого аларын убадалады.

«Биз тараптан бардык тиешелүү кызматтар Кытай менен биргеликте иштөө режимине өткөрүлөт», — деди ал.

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Эркечтам» жана «Торугарт» өткөрмө бекеттери коронавирус дартынын жайылуу коркунучуна байланыштуу 23-январда жабылган. Анда Кыргызстан бардык аба жана унаа каттамдарын токтоткон болчу.

«Эркечтам» пункту Кыргызстандын өтүнүчү менен 15-апрелде ишин жарым-жартылай жандандырган. Ал эми «Торугарт» пункту 8-июндан баштап иштеп баштайт деп Кыргызстандын ТИМи билдирген эле, бирок Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаал начарлап кеткенине байланыштуу аталган пункт жабылып калган.

ТИМдин маалыматы боюнча «Торугарт» өткөрмө пункту 8-сентябрдан тартып ишин баштаган. Бирок коронавирус пандемиясынан улам чектөөлөр киргизилген.

Өлкөдөгу эпидемиологиялык абал турукташкандан кийин республиканын ишкерлери Кытайдан кирген товарларды өткөрүү маселесин чечип берүү талабын айтып чыгышкан.

Кыргызстандын базарлар ассоциациясы өлкөнүн ишкерлери, айыл чарба өндүрүүчүлөрдөн баштап сатуучуларга чейин ири чыгым тартып жатышканын, анткени товар ташыган фуралар чек арада топтолуп, аларды абдан жай өткөрүп жатышканын билдирген.

Ал эми «Дордой» базарынын ишкерлери 2-ноябрда Өкмөт үйүнүн алдына чогулуп, бийликтен Кытайдан келчү товарларды өткөрүүгө байланыштуу маселени чечүүсүн талап кылышкан. Алар мындан улам банкрот болуунун алдында турушканын айтышкан.