«Дордойдун» соодагерлери митингге чыкты. Башкы талап — Кытайдан чыккан товарларды өткөрүү

«Дордой» базарында иштеген ишкерлер 2-ноябрда Өкмөт үйүнүн алдына чогулуп, бийликтен Кытайдан келчү товарлардын өткөрүлүшүнө байланыштуу маселени чечип берүүнү талап кылышты. Алардын айтымында, айрым ишкерлердин товарлары чек арада алты айдан бери чыкпай такалып турат, мында улам алар банкрот болуунун алдында турушат.

«Биздин маселе бүгүн-эртең чечилбесе Кыргызстандагы бардык базарлардын жумушчулары митингге чыгат, алардын саны 1 млнго жетет», — деп билдирди акциянын катышуучуларынын бири.

Ишкерлер Өкмөт үйүнө кирүүгө аракет кылышты. Бирок милиция кызматкерлери аларды токтотуп калды.

Митингчилер биринчи-вице-премьер Артем Новиковдун аларга чыгып, товарлар эмне үчүн өткөрүлбөй жаткандыгы тууралуу суроого жооп берүүсүн талап кылышты.

«Биз буга чейин Өкмөт үйүнө кирип, кайсыл бир аткаминерлер менен бир нече жолу жолукканбыз. Бирок алардын бири дагы биздин маселени чече алган жок. Ушуга байланыштуу бизге Новиковдун чыгышын талап кылабыз. Эгер ал дагы биздин көйгөйдү чече албаса, кызматын тапшырышы керек» — дейт митингге чыккандардын бири.

Мурдараак бизнес-ассоциациялар кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» өткөрмө пунктунда жүктөр кармалып жатканын билдиришкен. Алардын айтымында, жүк ташуучу унаалар тек гана кыргыз тарабынан өткөрүлбөй жатат, анткени «аткаминерлер орун бөлүшүп, ал эми чек арада башаламандык орун алган».

Мамлекеттик бажы кызматы Kaktus.mediaга аталган көзөмөл-өткөрмө жайында (КӨЖ) эч кандай чектөөлөр жоктугун кабарлады.

«Бүгүн эле эртең менен жүк жүктөлгөн беш авто унаа өттү», — деп билдиришти бажы кызматынан.

Мындан тышкары, бажы кызматынын басма сөз кызматы 24-октябрда бажы кызматы менен бизнес коомчулук «Торугарт» жана «Иркештам» КӨЖү аркылуу Кытайдан чыккан жүктүү унааларды өткөрүүгө байланыштуу чектөөлөр боюнча маселелерди талкуулашканын эскерди.

«Дордой» базарынын профсоюздук бирикмесинин төрайымы Дамира Дөлөталиева Кытайда жүктөрдүн кармалып атканына байланыштуу бизнес коомчулуктун даттанууларын билдирип, мындай маселелерди жеринен чечүү боюнча жумушчу топ түзүүнү сунуштады.

Жыйынтыгында, Кытайдан «Торугарт» жана «Эркештам» өктөрмө пункттары аркылуу жүк ташуудагы чектөөлөрдү жоюу үчүн ТИМ тийиштүү мамлекеттик органдар менен биргеликте Кытай менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керектиги чечилди.