Ишкерлер оор абалда, Кытайдан товар ала албай жатышат — Кыргызстандын базарлар ассоциациясы

Коронавирустун башталышы менен жүк ташуучулар менен ишкерлер ири чыгым тартышууда. Бул тууралуу Кыргызстандын базарлар ассоциациясынын башчысы Дамира Дөлөталиева Экономика министри Санжар Муканбетов менен жолугушууда билдирди. Аны менен катар Дөлөталиева Кытай менен чек ара ачык экенине карабай жүктөр абдан жай өтүп жатканын белгиледи.

Дөлөталиева ушул себептен сатуунун үч мезгили үзгүлтүккө учурап, төртүнчүсү да ушундай эле коркунуч алдында турганын кошумчалады.

«Биз ӨА киргизүүнү түшүнүү менен кабыл алдык. Бирок азыр абал курчуп баратат, бийлик бизге кагазда гана жардам берүүдө. Соодагерлер мөөнөтсүз митингге чыгууга даяр болуп калды. Алардын көбүндө кредит бар, ишкерлер , жүк ташыгычтар жана соодагерлер аянычтуу абалда. Биз чек арадан өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууну жана товарларды алууга жардам берүүнү гана суранабыз», — деп билдирди жолугушууда ассоциациянын башчысы.

Дөлөталиеванын билдирүүсүнө Экономика министри Муканбетов мекеме «маселенин тез арада чечилишине кызыкдар», жана министрлик айыл-чарба продукциясынын чек арадан өтүү алгоритмин Кытай тарап менен бирге кайрадан карап чыгат деп жооп берди.

«Өндүрүштүн жана экспорттук-импорттук операциялардын төмөндөшүнө алып келген негизги факторлор, керектөөчүлөрдүн товарларга болгон суроо-талабы, пандемиянын экономикалык кесепеттери болгон жана аны чечүү жолдорун иштеп чыгуу биздин кызыкчылыгыбызда», — деди министр.

Коронавирус пандемиясы Кыргызстандын экономикасына олуттуу зыян келтирген. Буга көбүнчө чек аранын бир нече айларга жабылганы жана өзгөчө абал режиминин киргизилиши таасир эткен.

Чек аранын жабылышынан улам Кытайдан товар алып Кыргызстандын базарларына саткан жергиликтүү ишкерлер жана жүк ташуучулар жапа чегишти. Алар менен кошо мамлекет дагы зыянга учурады.

Пекиндин маалыматына таянсак, 2020-жылдан башынан августка чейин дагы да уланып жаткан коронавирус пандемиясынан улам Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүү 52%га азайган.

Улуттук статистикалык комитеттин адиси Айнура Айтмамбетованын маалыматына ылайык, Кыргызстандын Кытай менен болгон товар жүгүртүмү 2020-жылдын январ-июнь айларында 341,9 млн долларды түзгөн. Ошол эле учурда 2019-жылдын биринчи жарымында бул көрсөткүч 874, 3 млн долларды түзгөн.