Жогорку сот Жапаровду, Ташиевди жана Мамытовду толук актады

Талант Мамытов, Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев

Жогорку сот премьер-минстр жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровду, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди жана депутат Талант Мамытовду толук түрдө актады.

Kaktus.media басылмасынын жазышынча, Жогорку сот 16-октябрдагы жыйынында 2012-жылы «бийликти күч менен басып алуу» айыбы боюнча жаңы ачылган жагдайларды кайра караган.

«Садыр Жапаров, Талант Мамытов жана Камчыбек Ташиев кылмыштын белгилери жок болгондуктан акталды», — деп Жогорку соттон билдиришти.

Садыр Жапаров, Талант Мамытов жана Камчыбек Ташиев 2012-жылы октябрда болгон митингде «бийликти күч менен басып алууга» айыпталып соттолгон. Бул учурда алар «Ата-Журт» фракциясынан Жогорку Кеңеште депутат болчу. Кийинчерек Ташиев менен Мамытов соттуулугун жоюшкан. Ал эми Садыр Жапаров 6-октябрдагы митингдин шары менен абактан бошотулуп, кийин премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу болду.

Жапаров, Ташиев жана Мамытов тууралуу

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп митингге чыккандар 6-октябрдын түнү Ак үйдү жана бир катар мамлекеттик мекемелерди басып алышкан. Элдин нааразычылыгынан улам президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кетүүгө аргасыз болду. Ал 15-октябрда кызматтан кеткенин жарыялады. Мыйзам боюнча президент мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетсе, анын милдети Жогорку Кеңештин төрагасына жүктөлөт. Бирок жаңы шайланган спикер Канат Исаев андан баш тарткандыктан президенттин милдетин аткаруу премьер-министр Садыр Жапаровго жүктөлдү.

Камчыбек Ташиев 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо «Мекенчил» партиясын жетектеп барган. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун митингинен кийин бийлик алмашканда ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчиси болуп дайындалды.

Талант Мамытов Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышында «Республика - Ата Журт» фракциясынан депутат болгон. Ал эми 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоого «Кыргызстан» партиясы менен аттанган.