Акчасын алып, таштандыга көмүп салышкан. Жалал-Абадда дайынсыз жоголгон аялдын сөөгү табылды

Жалал-Абад шаарынын 42 жаштагы тургуну Бахтигүл Базарматованын сөөгү Сузак районундагы Чангет-Сай дарыясынын жээгиндеги таштандыдан 6-декабрда табылды. Ал 25-ноябрдан бери дайынсыз болуп жаткан болчу. Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, аны өлтүрүүгө шектелип эки киши кармалды. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Базарматованын дайынсыз жоголгону боюнча арыз милицияга 26-ноябрда түшкөн. Ал андан бир күн мурун кызынын үйүнөн чыгып кеткен бойдон өз үйүнө барган эмес. Тергөөнүн жүрүшүндө Базарматова кызы менен коштошуп кеткенден кийин шектүүлөр менен жолукканы аныкталган.

«Кармалгандар Базарматованы Жалал-Абад шаарынын четиндеги ээн талаага алып барып, акча сурашкан. Ал акчасы жок экенин айткандан кийин сүлгү менен муунтуп өлтүрүшкөн. Андан соң шектүүлөр Базарматованын сумкасындагы 32 миң сом акчасын жана тагынып жүргөн алтын буюмдарын алып, телефонун ыргытып салышкан», — деп билдирди Жалал-Абад милициясы.

Мындан сырткары, милиция маркумдун денесинин кээ бир жерлерин карга-кузгундар жегенин кабарлады. Шектүүлөр Базарматованын сөөгүн Чангет-Сай дарыясынын жээгиндеги таштандыга чала көмүп коюшкан.

Аталган факт боюнча Жалал-Абад облусунун 39 жана 27 жаштагы эки тургуну кармалып, сурак учурунда алар кылмышты жасаганын моюндашкан. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Киши өлтүрүү» беренеси менен катталып, тергөө амалдары уланууда. Ошондой эле, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын 45 жаштагы тургуну Аймактым Кожонова да изделип жатат. Ал 20-ноябрь күнү жолдошу менен Баткен шаардык милицияга 17 жаштагы кызын турмушка узатканы үчүн сурак берип чыккандан кийин дайынсыз. Баткен ОИИБи сурак учурунда эч кандай кысым болгон эмес деп билдирген.

Кожонованын алты баласы бар. Ал эми анын турмушка чыккан кызы үч айдан кийин 18 жашка толмок жана ал өз каалоосу менен турмушка аттанганы айтылууда. Кожонованын туугандары өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө жардам көрсөтүү суранычы менен кайрылышкан.

Тема боюнча:

Баткен: Алты баланын энеси милицияга сурак берип чыккандан бери дайынсыз