Баткен: Алты баланын энеси милицияга сурак берип чыккандан бери дайынсыз

Аймактым Кожонова

Баткен шаардык милициясы Кызыл-Жол кварталынын 45 жаштагы тургуну Аймактым Кожонованы бир жумадан бери издеп жатат. Бул тууралуу «Клоопко» Баткен ОИИБдин басма сөз катчысы Дамира Юсупова билдирди.

Анын айтымында, 20-ноябрь күнү Кожонова жолдошу экөө 17 жаштагы кызын тумушка узатканы үчүн Баткен ШИИБге сурак берип чыккан.

*Мыйзам боюнча никеге туруу курагы он сегиз жаш деп белгиленген. Ал эми атайын комиссиянын чечими менен нике курагын бир жылга төмөндөтүүгө уруксат алса болот.

«Сурак учурунда эч кандай кысым болгон эмес. Жоголгон жаран [Аймактым Кожонова] туурасында арыз 23-ноябрь күнү келип түшкөн. Бул иш боюнча шаардык милиция менен чогуу тиешелүү жарандар издөө иштерин жүргүзүүдө», — деди Юсупова.

Кожонованын туугандары өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө жардам көрсөтүү суранычы менен кайрылган. Өкмөттүн Баткендеги өкүлү Жаныбек Жалалов бул ишти жеке көзөмөлгө алып, өлкө боюнча жана коңшу Тажикстан менен Өзбекстанда дагы издөө жүрүп жатканы тууралуу маалым кат берилгенин айтты.

«Туугандарынын айтымында, Аймактым Кожонова оор басырыктуу, жөнөкөй, көп сүйлөбөгөн, жоош аял болгон. Анын жакындары ал кызынын турмушка чыкканынан улам стрессте болгон деп айтышты», — деди өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова.

Маалыматка ылайык, Кожонованын алты баласы бар. Ал эми анын турмушка чыккан кызы үч айдан кийин 18 жашка толмок жана ал өз каалоосу менен турмушка аттанганы айтылууда.