Конституциялык кеңешмеде Баш мыйзамдан «светтик мамлекет» деген түшүнүктү алып салуу сунушталды. Бирок бул демилге коомчулукта сынга кабылды. Атүгүл 6-декабрда Конституцияны өзгөртүүгө каршы өткөн жөө жүрүштө, светтик түзүлүштү сактап калуу керектиги айтылды. «Клооп» өзүн агностик жана атеист деп эсептеген кыргызстандыктарды кепке тартты. Алар Кыргызстанда дин тууралуу башка көз карашты кармангандар кандай кыйынчылыктарга туш болушарын айтып беришти.
Агностик
Ош облусунун тургуну Ахмет (аты өзгөртүлгөн) өзүн агностик деп атап келгенине бир нече жыл болду. Мусулман үй-бүлөдө чоңойгонуна карабастан бой жеткенде илимий китептерди окуп, окумуштуулардын эмгектери менен таанышкандан кийин кудай тууралуу ойлору кескин өзгөргөн.
«Үй-бүлөмдө бардыгы намаз окуп, кудайга ишенген адамдар. Мен да алар сыяктуу намаз окуп, мечитте арап тамгаларын үйрөнүп чоңойгом. Бирок, акылым жетилип биология, эволюция жөнүндө китептерди окуп, хадистерге салыштырып, хадистерден Мухаммед пайгамбардын асманга чыгып келгени, айды ортосунан бөлгөнү жөнүндө окуп, биринчи ишенбестиктер пайда болгон. Жаш кезимде мени кыйнаган суроолорго жооп берген адам болгон эмес, акылымды таанып Ричард Докинз, Стивен Хокингдердин китептерин окуп динден бир аз алыстай баштадым», — деди ал.
Ахметтин айтымында, Кыргызстанда агностик жана атеист болуу оңой эмес. Анткени коомдо толеранттуу кишилер аз деп эсептейт. Мындан улам коомдон чыгып калбоо үчүн ал достору менен жума намазга да барып турарын айтат.
«Билбейм, балким Бишкек жакта туура түшүнүшөт, ал жерде толеранттуулук да бар деп ойлойм, бирок биз жакта бир гана атеист же агност эмес, башка динге өтүү же башкача көз карашта болуунун өзү коркунучтуу деп ойлойм. Ошол себептен өз ишенимим жөнүндө эч кимге айтпайм, өзбек тилдүү атеист жана агносттиктердин интернеттеги группаларында дин жөнүндө жазып турбасам, агносттик экенимди дээрлик эч ким билбейт», — деп түшүндүрдү ал.
*Агностиктер Кудайдын бар экенин четке кагышпайт, бирок аны таанып-билүү мүмкүн эмес деп эсептешет
Ахмет Германияга барып келгенин жылмаюу менен эстеп берди. Анткени Европада аны менен эч кимдин иши болгон эмес. Мындан улам өзүн эркин сезген.
«Мен Германияга барганымда өзүмдү өтө эркин сездим, эч ким сенин диниңе, улутуңа, сексуалдык ориентацияңа карабайт экен, кандай болсоң ошондой кабыл алат. Мен албетте Кыргызстан да ошондой эркин, демократиялык өлкө болушун каалайм. Төрт жылдан бери грин-кард толтуруп, катышым келем, Кыргызстандагы диний, саясый абалды көрүп жүрөгүм ооруйт. Келечекте балдарым ушундай өлкөдө жашашын каалабайм», — деди ал.
*Грин-кард — бул Америка Кошмо Штаты өткөргөн иммигранттарга виза берүү боюнча лотерея.
Ахмет жакынкы арада агностик экенин жакындарына жана коомчулукка ачык айткысы келбейт. Ошондуктан башка агностик жана атеситтерге да эл арасында дин темасында талаш-тартыштарга катышуудан карманууга кеңеш берет.
Атеист
Ал эми Жалал-Абад облусунун тургуну Аброр Сулайманов атеист экенин жашырбайт. Анын ата-энеси жана бир туугандары тандоосун түшүнүү менен кабыл алышкан. Ал эми дин темасында бир гана жакындары менен пикир алмашат.
«Мусулман досторум менен талашып-тартышпайм, алардын ишенимине урмат менен карайм, алар да мага агрессия көрсөтүшпөйт. Мен да өзүм тааныбаган адамдар менен дин жөнүндө баарлашпайм, аларга кийлигишпейм. Социалдык тармактарда "өлтүрөбүз, чабып кетебиз" деген коркутуулар болот. Бирок мен аларга анча деле маани бербейм, бирок албетте кооптону бар», — дейт Сулайманов.
Аброр өзүнүн кантип атеизмге келгенин төмөнкүдөй айтып берди. «Куран окуп, хадистерди окуп ата-энеме "Эмнеге кудай Африкадагы ачка балдарга асмандан тамак түшүрбөйт" деп суроо бергенимде алар "Сен атеисттердин суроосун берип жатасың" деп жооп беришкен. Ошол убакыттарда атеизм тууралуу түшүнүгүм жок эле, анан интернеттен атеизм жөнүндө окуп-үйрөнүп, фейсбуктагы группаларга кошулуп, жүрөгүмдүн түбүндө атеист болгонума ишендим».
*Атеисттер Кудайга ишенишпейт
«Светтик деген түшүнүктү сактап калыш керек»
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчисинин мурдагы орун басары, диний эксперт Канат Мурзахалилов Кыргызстанда диндер аралык мамиле трагедиялуу эмес, бирок диний плюрализмди жана ар түрдүү дин өкүлдөрү арасында толеранттуулукту чындоо үчүн бир канча программалар иштелип чыгуусу керек деп эсептейт.
«Негизинен кыргыз коому диний ишенимден улам төрт бөлүккө бөлүнгөнү байкалууда. Алар ашкере динге ишенгендер, атеисттер, азыр жаштар арасында көбөйүп бараткан агностиктер менен светтик көз караштагы адамдар. Кыргызстанда бүгүнкү күндө расмий түрдө каттоодон өткөн отуздан ашык диний уюм бар. Бирок, коомдо диний плюрализмдин аздыгы, толеранттуулук менен диний чыдамкайлыктын жетишпегени да сезилет. Айрыкча, биз бул көрүнүштү Конституциялык кеңешмеде Баш мыйзамдан "светтик" деген түшүнүктү алып салуу сунушу жараткан кызуу талкууда көрдүк», — деди Мурзахалилов.
Диний эксперт Кыргызстанда исламдашуу жараяны күчөп баратса да, соңку жылдарда кыргыз коомунда теңирчи, атеист же агностиктердин саны өсүп жатканы сезилүүдө дейт.
«Негизи, адамдардын диний ишенимин алмаштыруусу дүйнөлүк алкактагы глобализация маселелерине дагы көз каранды деп ойлойм. Статистикага карасак, дүйнө жүзүндө атеист жана агностиктердин саны өсүп баратат. Анын жаман жагы жок, ар ким өз каалоосу менен динге ишенүү же ишенбөөгө укуктуу. Ошондой эле, айрым мусулмандар басымдуулук кылган өлкөлөрдө өз динин алмаштырган кишилердин санынын көбөйүшүнө салафизм сыяктуу радикал агымдар да салымын кошуусу мүмкүн», — деп эсептейт ал.
Эксперт Конституция боюнча ар бир адам дин тутуу же динге ишенбөө укугуна ээ экенин белгиледи. Бирок, атеист же протестанттык багыттагы чиркөөлөрдүн агностиктерге жер-жерлерде локалдык түрдө басмырлоо бар дейт.
«Дин эркиндиги жөнүндөгү мыйзамдын айрым беренелери кээде формалдуу түрдө гана сакталат. Бул көрүнүштү жоюу үчүн диндер аралык мамилелерди, диний плюрализмди, толеранттуулукту чыңдоо керек. Ал үчүн мамлекет системалуу түрдө программаларды ишке ашыруусу зарыл. Калктын диний билимин жогорулатууга багытталган түшүндүрүү иштерин такай алып баруусу керек», — деди ал.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы орун басары Кыргызстанда «светтик» деген түшүнүктү сактап калыш керектигин эскертет. Анын ою боюнча, эгер бул нерсе болбосо «дин саясатташып кетет».
«Бардык баалуулуктарга шарт түзүлүшү керек»
Ал эми Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын башчысынын орун басары Кадыр Маликов «Конституциядагы светтик деген моделди ачып жазуу керек» деп эсептейт.
«Светтик деген бул диний уюмдардын мамлекеттик институттарга жана мамлекеттик органдарга кийлигишпейт деген мүнөзгө ээ», — деп белгилеп кетүүнү сунуштайт ал.
Маликов ошондой эле, мамлекет «диний, светтик жана улуттук баалуулуктар системасынын гармонияда болушуна» бардык шарттарды түзүш керек деген графаны кошуш керек деген пикирде.
«Азаттык» үналгысы АКШнын Мамлекеттик департаментинин дин тутуу эркиндиги боюнча 2019-жылкы дүйнөлүк баяндамасы тууралуу жазды. Анда Кыргызстандагы жагдай дагы талданган. Ага ылайык, диний азчылыкты түзгөн топтор кыйынчылыктарга дуушар болгонун, маркумду жерге берүүдө жана расмий каттоодон өтүүдө маселелер бар экени белгиленген.
Өлкөнүн чакан шаарлары менен айылдарында диний азчылыктарга кысым көрсөтүү дале бар экени көрсөтүлгөн. Былтыркы жылдын январь айында Ысык-Көлдүн Ананьево айылындагы православ көрүстөнүндөгү вандализм — анда эстеликтерди белгисиз бирөөлөр бузуп кетишкен, 2018-жылдын октябрь айында Тамчы айылында протестант ишениминдеги Элдос Сатар уулунун ур-токмокко кабылышы мисал келтирилген.
Мындан тышкары, катталган диний уюмдардын чогулуштарына тоскоолдуктар болгон учурлар бар экени камтылган.
Редактору: Элвира Султанмурат кызы