Акыркы суткада коронавирустун жаңы 295 учуру катталды, төрт бейтап көз жумду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 8-декабрда коронавирустун жаңы 295 учуру катталганын маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Чүй облусу — 87;

Бишкек шаары — 68;

Жалал-Абад облусу — 64;

Ысык-Көл — 56;

Ош облусу — 13;

Баткен облусу — 15;

Ош шаары — 10;

Талас облусу — 8;

Нарын облусу — 4.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 75 690го жетти. Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 25 130. Ал эми Чүй облусунда — 10 123, Ош облусунда — 7 933, Жалал-Абадда — 9 432, Ысык-Көлдө — 6 298, Ош шаарында — 5 372, Баткенде — 6 901, Нарын облусунда — 2 122 жана Талас облусунда — 2 409 учур катталды.

Мындан сырткары акыркы суткада жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 3 286.

Ошондой эле, акыркы суткада 473 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарынан катталды — 126, Жалал-Абад облусунда — 68, Ош облусунда — 44, Ош шаарында — 22, Баткен облусунда — 34, Чүй облусунда — 118, Ысык-Көл облусунда — 36, Нарын облусунда — 7, Талас облусунда — 18 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 67 873 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 2 426 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 106 киши өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 3 256 киши дарыланып жатат.

Ошондой эле, акыркы суткада Бишкек шаарынан — үч, Ош облусунан — бир COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Ушуну менен Кыргызстанда илдеттен 1 301 киши көз жумду — бул статистикага коронавирус инфекциясы жана ооруканадан сырткары пневмонияга чалдыккан бейтаптар кирген.

Алгач, 18-августта, COVID-19дан улам каза болгон бейтаптардын саны 1 498ге жеткен, бирок Саламаттык сактоо министрлиги алардын санын 29 пайызга азайткан.

Мындан сырткары, өлкө боюнча алты медкызматкерден коронавирус аныкталды. Бишкек шаарынан жана Чүй облусунан — экиден, Жалал-Абад жана Ош облустарынан — бирден медик COVID-19га чалдыккан. Ал эми бир суткада 16 медик айыкты.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3 986га жетти, анын ичинен 3 695 медкызматкер илдеттен айыкты.