«Убагы келсе баш коргоо чарасы кабыл алынат». Зулушев Матраимовдун иши тууралуу

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 10-декабрда бажы төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иши дагы деле иликтенип жатканын, ага карата кандай чечим чыгаары айып тагылгандан кийин белгилүү болорун билдирди.

«Мурдагы аракеттери боюнча мамлекет тарабынан же көзөмөл органдары тарабынан эч кандай калкалоо жок, аны өзүңөр көрүп атасыңар. Мамлекеттик зыянды ордуна коюу, коррупцияга бөгөт коюу, кылмышты тез арада тергеп сотко өткөрүү, соттон жазасын алуу — биздин бир гана максатыбыз ушул», — деп билдирди ал «Азаттыкка» курган маегинде.

Анын айтымында, Матраимов Каржы министрлигинин эсебине миллиардга жакын акча которгон. Ал октябрдын аягында кармалгандан кийин убадалаган 2 млрд сомду төлөөнү улантып жатат. Башкы прокурор «убагы келгенде» Матраимовдун баш коргоо чарасы аныкталат деп эсептейт.

«Бир эле Матраимов эмес, өлкөдө ким кылмыш жасаса, экономикалык, коррупциялык, бардыгына бөгөт коюлушу керек. Райымбек Матраимов тергөө менен кызматташып, бюджетке акча төлөп жатат. Мендеги маалымат боюнча 1 млрд. сомго жакын мамлекеттик зыян өндүрүлдү. Атайын график бар. Ал сөзсүз келтирген чыгымын төлөйт. Убактысы келгенде анын баш коргоо чарасы аныкталат. Бул тергөөнүн иши», — деди башпрокурор журналисттерге.

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, 8-декабрга карата бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары 773 млн сом төлөдү. Башкы прокурор «макулдашылган график» тууралуу айтып жатканы менен буга чейин так мөөнөтү айтылган — Матраимов акчаны мамлекетке 1-декабрга чейин кайтарып бериши керек эле.

Райымбек Матраимов — «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллардан ашуун каражат тууралуу журналисттик иликтөөсүнүн башкы фигуранттарынын бири. УКМК Матраимов жана башка кызмат адамдары 2016-жылдан бери мамлекеттик бажы системасында коррупциялык схеманы түзүп иштетип келишкен.

АКШнын Каржы министрлиги 9-декабрда Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду «Магнитский тизмесине» киргизди — бул кылмышкерлер менен коррупционерлер киргизилген санкциялык тизме.

Матраимовдун АКШдагы эсептери камакка алынып, визалары жокко чыгарылышы мүмкүн. Бул ага акча которууларды ишке ашырууга жолтоо кылышы мүмкүн, анткени бул процесстерде Американын сервистери колдонулат — мисалы, SWIFT жана Visa. Ошондой эле америкалык ишкерлер менен жарандарга тизменин фигуранттары менен кызматташууга тыюу салынат.

Атказчилик жөнүндө иликтөө

Кыргызстанда көптөгөн жылдар бою республиканын аймагынан контрабанда ташып өтүүгө жол берген коррупциялык схема иштеп келген. Аткезчиликтин башында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен чогуу сүрөткө түшкөн жана экс-президент Жээнбековдун ант берүү аземине катышкан бизнесмен Хабибулла Абдукадыр турган.

Иликтөөдө журналисттер бул аткезчилик схеманын бар экенине далил келтиришкен, ал эми булактардын бири Айеркен Саймаити ал кандай иштерин айтып берген. Ошондой эле ал бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бажыдагы коррупцияны жаап-жашырганын, бул өз кезегинде көмүскө бизнестин иштешин камсыз кылып турганын билдирген.

Саймаити журналисттерге документтерди тапшырып берип, жеке өзүнүн көмөгү менен Кыргызстандан 700 млн доллардан ашуун каражат чыгарылып кеткенин айтып берген. Кийин финпол бул маалыматты тастыктап, ал тургай сумманы млрддан ашат деп билдирген. Саймаити иликтөө чыкканга чейин, 2019-жылдын ноябрь айында Стамбулдун кафелердин биринде киши колдуу болгон.