10-декабрда парламенттин депутаттары өлкөнүн 2020-жылга карата республикалык бюджети жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алышты.
Парламенттин отурумунда депутаттардын суроолоруна өкмөт өкүлдөрү жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков жооп берди.
Анын айтымында, өкмөт биринчи окуудан кийин мыйзам долбооруна түзөтүүлөрдү киргизген – киреше жана чыгашалар боюнча божомолдор кайра каралып, каражат тартыштыгы бир топ кыскарган.
Новиков 2020-жылга карата бюджеттин чыгымдары 169 млрд сомго кыскартылганын түшүндүрдү. Бул парламент ноябрь айында өткөн биринчи окууда бекиткен көрсөткүчтөн 3,6 млрд сомго аз.
Ошондой эле, бюджеттик чыгымдары 1,6 млрд сомго жана мамлекеттик инвестициялар программасы боюнча сарптоолор 2,1 млрд сомго кыскаркан.
Мындан тышкары, киреше бөлүгү көбөйгөн – ал 139,4 млрд сом (биринчи окуудагы долбоорго салыштырмалуу 2,2 млрд сомго көп) деңгээлинде болжолдонууда.
«Биз приоритеттүү эмес чыгымдарды дагы бир жолу карап чыгып, аларды оптималдаштырдык. Биз мамлекеттик инвестициялар программасын кошо каржылоого болгон каражаттарды, маморгандарга кете турган башка чыгымдарды жана товар, кызматтарды колдонууга чыгымдарды азайттык», — деп айтып берди Артём Новиков.
Кирешенин жогорулашы салыктык эмес кирешелер боюнча келип түшүүлөрдү кайра кароонун эсебинен болгон.
«Бул көбөйүүлөр бюджеттик ссудалардын жана айып пул, алымдар, төлөмдөр сыяктуу башка салыктык эмес кирешелерди кайтаруу боюнча түзөтүүлөрдүн жыйынтыгында келип отурат», — деп белгиледи Новиков.
Жыйынтыгында, 2020-жылы бюджеттин тартыштыгы 29,8 млрд сомду түзөт. Бул ноябрдагы биринчи окууда кабыл алынганга салыштырмалуу 5,8 млрд сомго аз.
2020-жылга карата божомол
2019-жылдын ноябрь айында парламент депутаттары келе жаткан 2020-жыл үчүн бюджетти 7 млрд 953 млн сом же ИДПнын 1,2% тартыштык менен пландашкан.
Өлкөдөгү COVID-19 пандемиясы менен саясий туруксуздуктун шартында орун алган экономикалык кризистин жыйынтыгында бюджетти кайра карп чыгуу керектелди — казынанын тартыштыгы дагы бир рекорд коюп, 35,6 млрд сомду түзгөн.
Азырынча мамлекет бардык социалдык милдеттерин өз убагында аткарууда: жарандар пенсия, жөлөк пул жана маяналарын алып жатат. Бирок бул чыгымдардын бир бөлүгү өлкөнүн эл аралык донорлордон алган насыяларынын эсебинен төлөнүүдө. Ал эми өкмөт бюджетти толтуруунун ички булактарын издеп баштаганын билдирген.
Экономикалык кризис
Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталып, 2020-жылдын март айында өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдеринин киргизилиши менен өлкө экономикасы кризискн баткан.
Өлкөдө саясий кризистин башталышына алып келген 5-6-октябрдагы нааразчылык акциялардын шартында мамлекеттик казынага байланыштуу кырдаал да начарлады. Бир эле учурда бир нече өлкөлөр жана эл аралык каржы институттары экономиканы колдоого жана COVID-19га каршы күрөшүүгө багытталган донордук жардамдарын токтоткон.
Ошол эле мезгилде, октябрь айынан бери дүйнө жүзүндө доллар жана евронун курсу жогорулаганы байкалууда. Улуттук банк анын кеспеттерин жоюу үчүн валюталык интервенцияны колдонууда. Октябрда сомдун курсун кармап туруу үчүн бир күн ичинде рекорддук 42,4 млн сатылган.
Ошол эле учурда, өкмөт кыргызстандыктардын салык төлөмдөрүнүн эсебинен бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүнү карап жатат. Мындан тышкары, Садыр Жапаров премьер-министр жана президенттин м.а. болуп турганда экономикалык мунапыс жарыялаган. Ага ылайык, мыйзамсыз байыган аткаминерлер бир айдын ичинде бул каражаттарды казынага кайтарып бериши керек эле.