Ош: Шектүүнүн өлүмүнө айыпталган милиционерлердин жакындары УКМКга нараазы

Милиция кызматкерлеринин жакындары. Сүрөт: Тойчубек Боронбаев/Kloop

Ноокат районунун «каракчылыкка» шектелип кармалган тургунун кыйноого айыпталып камалган Ош ОИИБинин кызматкерлеринин жакындары 10-декабрда маалымат жыйын курушту. Алар УКМКнын тергөөчүсү ишти бир тараптуу караганын айтышууда.

Милиция кызматкерлеринин жакындары УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге жана коомчулукка кайрылып, кызматкерлердин ишин акыйкат тергеп, аларды «жок дегенде үй камагына чыгарып берүүнү» суранышууда.

Маалымат жыйын кургандардын бири Темирбай Эргешовдун айтымында, УКМКнын тергөөчүсү Данияр Кулиев ишти объективдүү карабай жатат. Ал опер кызматкерлери «маркумду кыйнабаганын» айтууда.

«Алар өзү Кызыл-Кыядан унаага салып эки жарым саатта келишкен. ОИИБге алып келгенде болсо тергөөчү жок болгон. Мындан улам алар шектүүнү жетекчиликтин жанындагы бөлмөгө отургузуп, өздөрү чогулушка киришкен. Анын жанында бир милиционер калган. Анан эле карап турган милиционер маркумдун “жыгылып калганын” айтып кирген», — деди Эргешов.

Ошондой эле алар «милиция кызматкерлери жетекчиликтин гана буйругун аткарышканын жана маркумду жөн гана кармап келишкенин» айтышты.

«Булар жаш кезинен тилек кылып, элибиздин коопсуздугун коргойлу дешкен. Булардын арасында бир канча кылмыш ишинин бетин ачкандар бар. Алардын эмгектеринин бири да эске алынбай жатат деди», — деди чогулгандардын бири Айсалкын Калыкова.

Буга чейин УКМК Ош ОИИБинин мекемесинде кыйноого алгандан кийин каза тапты делген Мухаммед Каныбек уулунун өлүмүнө шектеп облустук Криминалдык милиция кызматынын алты кызматкерин убактылуу кармоочу жайга киргизген.

Каныбек уулунун кармалышына 5-октябрда Ош шаарынын 21 жаштагы тургуну аны бейтаныш жарандар карактап, 4 млн 230 миң сом акчасын жана унаасын тартып алышканы тууралуу милицияга арыз менен кайрылгандыгы негиз болгон. Ал эми ОИИБден Мухаммед уулу суракка келген учурда «жүрөгү кармап каза болду» дешкен.

Бирок маркумдун туугандары анын денесинен көк-ала тактарды байкашып, Каныбек уулун «милиционерлер мыкаачылык менен кыйнаган» деп божомолдошкон — алар маркумдун денесиндеги көк ала тактардан сырткары жыныстык мүчөсү да жанчылганын айтышкан.

Окуядан соң УКМКнын көзөмөлү астында тергөө башталып, Мухаммед уулун суракка жеткирген ОИИБдин беш кызматкери кызматынан бошотулган. ИИМдин ички иликтөө кызматы жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгында кызматтан бошотулгандар милдеттерин аткарууда «катачылыкка жол беришкендиги» аныкталган.

«Жыныстык мүчөсүн жанчып салышкан». Ошто сурак маалында каза болгон маркумдун жакындары акыйкат издейт

Ошто шектүүнүн өлүмүнөн кийин беш милиционер кызматынан алынды