«Жыныстык мүчөсүн жанчып салышкан». Ошто сурак маалында каза болгон маркумдун жакындары акыйкат издейт

18-октябрда социалдык тармактарга Ош облусунун Ноокат районунун 26 жаштагы тургуну Мухаммед Каныбек уулу «милиционерлердин кыйноосунан каза болду» деген видео тараган. Анда маркумдун жакындары «баланы уруп өлтүрүп коюшкан» деп айткан.

«Милиция ушуну кылган болсо… [ыйлап]. 15инен 16сына караган түнү алып келишкен моргго… Балабыз ушунчалык мыкаачылык менен өлтүрүлгөн...», — деп ыйлайт маркумдун туугандарынын бири.

Тасмадагы дагы бир жакыны «биз кирип денесин [маркумдун] көрсөк, бардык жерлери көк-ала. Катуу зат менен урушкан… мыйзам чегинде укук коргоо органдарына чара көрүлсүн» деп айтканы угулат.

Маркум Мухаммед Каныбек уулу 15-октябрда Кызыл-Кыя шаарындагы «Айбек» базарынан Ош ОИИБинин кызматкерлери тарабынан каракчылыкка шектелип кармалган. Милициянын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын 5-октябрында Ош шаарынын 21 жаштагы тургуну аны бейтаныш жарандар карактап, 4 млн 230 миң сом акчасын жана унаасын тартып алышканы тууралуу милицияга арыз менен кайрылган.

Ошондой эле, арыз ээси аны карактагандар болжол менен 25-30 жаштардагы тургундар экенин айтып, тапанча менен коркутушканын билдирген. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Каракчылык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тергөө амалдары башталган.

Бул ишке катыштыгы бар делип алгач Ош шаарынын Он-Адыр кичи районунун 27 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Аны суракка алган учурда, шектүүлөрдүн бири катары Каныбек уулу экени белгилүү болгон. Милициянын пресс-релизинде ал буга чейин «каракчылык» беренеси менен соттолгондугу белгиленген.

«15-октябрда болжол менен саат 20:50лөр чамасында милиция кызматкерлери шектүүнү Ош ОИИБинин Тергөө кызматына камсыз кылуу максатында алып келүү үчүн Кызыл-Кыя шаарына барган учурда, милиция кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөткөнгө аракеттенген. Анын жанынан “Форт-12РМ” үлгүсүндөгү ок атуучу курал 4 огу менен алынган», — деп жазылат Ош ОИИБдин маалыматында.

Мындан сырткары пресс-релизде шектүүнү Ош ОИИБиге алып келген учурда эсин жоготуп, кызматкерлер тарабынан «Тез жардам» кызматына жеткирилген учурда өзүнө келбей каза болгону айтылат. Ошондой эле, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, окуяны териштирүүнү УКМК көзөмөлгө алганы кабарланат.

«Денесине бычак сайышкан, тепкилешкен, эркектик мүчөсүн жанчып салышкан»

Каныбек уулунун жээни Арсланбек Ташов «Клоопко» билдиргендей, маркумдун милиционерлер тарабынан шектүү катары кармалганы тууралуу анын жакындарына кабарланган эмес.

«Бүгүн милицияга кирсек жанынан тапанча чыкты дейт. Буюмдарынын баары тапанчага айланып калыптыр... караңыздарчы кандай кара мүртөздүк кылып жатышат алар. Силерден суранам, менин ыйым ар бириңердин башыңарга түшүшү мүмкүн, түшкөндөр да бар, муну жөн койбошубуз керек. Ким күнөөлү? Жардам сурайм, бул ишке кайдыгер карабаңыздар. Ушул баланын [маркумдун - ред.] сөөгүн бир ай болсо бир ай жерге койдурбай, ушул иш бүтмөйүнчө моргдон алып чыктырбайм», — дейт Ташов.

Ошондой эле, Ташов өзү өлүкканага кирип маркумдун сөөгүн көрүп чыкканын айтат. Ага укук коргоо органдырынын кызматкерлери Каныбек уулунун жүрөгү кармап каза болгонун айтышкан.

«Баланын денесине бычак сайышкан, тепкилешкен, жыныстык мүчөсүн жанчып салышкан, тырмактын астын жанчышкан, ушунчалык жырткычтык менен өлтүрүшкөн. Ээ айланайын калкым, мен акмак болсом, менин жанымдагылар акмак эмес, “приступ” менен өлгөн баланын денеси таза болушу керек да! Анын [маркумдун — ред.] денесинин бардык жери көк-ала, бөйрөктүн эч нерсеси калган эмес, тепкилеп кара мүртөздүк менен өлтүрүшкөн», — деп кийиди Ташов.

Анын айтымында, маркумдун жанында жалпы 520 миң сомдой акчасы, уюлдук телефону болгон. Бирок алар кийин жок болуп чыккан.

Агасы Кылычбек Гайбалиевдин айтымында, анын инисинин сөөгү Ош шаарындагы өлүкканасында жатканын жарандык форма кийген милиция кызматкери 17-октябрда кабарлаган. Анын айтымында, маркумдун унаасын МАИ кызматкерлери автобазага алып барып салышкан. Жакындары Каныбек уулунун унаасын табышкандан кийин өлүкканага жол тартышкан. Аларга аймактык милиционер алгылыктуу маалымат бербегендиктен сөөктү үч саат кыдырып, араң табышкан.

«Биздин жактоочубуз милицияга кирсе “эки оперативник алып келген, кийин жүрөгү кармап каза болуп калганда моргго алып барышкан” дешиптир. Баары жалган! “Айбек” базарындагы видеокамералардан карасак, “оперативниктер” экөө эмес бешөө болгон. Бешөө чуркап өтүп кетип, кийин инимди кармап машинага салып алып кетишкен», — деп түшүндүрдү агасы.

Мындан сырткары маркумдун агасы туугандары көз карандысыз экспертиза дайындалуусун талап кыла турганын кошумчалады.

«Көз карандысыз экспертиза Кыргызстанда жок болгондугу көйгөй жаратып жатат. Жок дегенде Бишкектеги республикалык экспертизадан өкүл келип, жыйынтык чыгарып бериши керек. Анкени милиция өз кызыкчылыгы үчүн оң чечим чыгарып алышы мүмкүн», — дейт ал.

Ал эми Каныбек уулунун апасы Айтолгон Мамаюнусова уулу буга чейин ден соолугуна даттанбаганын билдирди. Уулу ага 15-октябрда Бишкек шаарына жубайы менен небересин алып келүүгө бара турганын айткан. Ошондуктан уулунун телефонго жооп бербегенине сарсанаа болгон эмес.

«...Алты айлык баласынын, жаш келинимдин тагдыры кандай болот эми?! Алардын убалы кимге? Менин балам жүрөгү кармай турган бала эмес болчу. Жаштык кылып 2015-жылы соттолгону менен андан кийин үйлөнүп, турмуш куруп, балалуу болуп, мусулманчылыкты карманып, өз тиргилигин кылып жүргөн бала болчу», — деп апасы көзүнө жаш алды.

«Милиционерлер жазага тартылышсын»

19-октябрда маркум Мухаммед Каныбек уулунун жакындары жана жактоочусу ЖМКга маалымат жыйын курушуп, бийлик өкүлдөрүнө жана УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевге кайрылышты. Алар иш акыйкат тергелип, «милиционерлер жазага тартылышын» талап кылышты.

«Эгер балабызды кыйнагандар камалбай, чындык ачыкка чыкпаса, балабыздын сөөгүн Оштогу аянтка алып чыгып жана Кыргызстандын ар бир облусуна барып көрсөтөбүз», — деп жакындары билдирүү жасашты.

«15-октябрда “розысктын балдары” Мухаммедди Ошко алып келип, “розысктын” экинчи кабатында кыйноого алышат. Эмнени сурашканы азыр бизге белгисиз. Мен өзүм моргго кирип көрүп чыктым, башынын эки мээсине травматикалык мылтык менен аткандай болуп турат, аны дагы экспертиза аныктайт. Анан колдорунда, ичтеринде соо жери жок, бутунун сан жагында үч жеринде курч миздүү нерсе менен сайгандыгы көрүнүп турат, бычактын изиби же башкабы азыр түшүнүксүз», — дейт маркумдун жакындарынын жактоочусу Мамат Шаиев.

Мындан сырткары маалымат жыйынга келген маркумдун жакындары милиционерлердин көрсөтмөлөрү бири-бирине дал келбей жатканын айтышты.

«Милиция кызматкерлеринин бирөө Ноокаттан жолдон келе жатканда эле “өлдү” дейт, дагы бирөө болсо “тез жардамда өлдү” дейт, нөөмөтчү болсо “жеке” машинада түнкү саат 1:30дар чамасында алып келишип, экинчи кабатка алып чыгып кетишкен дейт», — дешти маркумдун жакындары.

Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев «Клоопко» окуя тергилип бүткөндөн кийин кыйноо фактылары аныкталса, милиционерлер жазага тартылаарын билдирди. Анын айтымында, учурда маркумдун жанынан табылды делген тапанчага баллистикалык экспертиза дайындалган.

«Шектүүнү кармоо учурунда ал каршылык көрсөткөн деп айтылып жатат. Ошондой эле, анын жанынан тапанча табылган экен. Ошол тапанчаны тартып алуу үчүн милиция кызматкерлери “көтөрүп чапкандыр” же дагы башка кылышкандыр. Экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин биз бир нерсе деп айта албайбыз. Бирок кармаган кызматкерлер “катуу күч колдонгон эмеспиз, болгону тапанчасын гана алганбыз” дешти», — деди Аширбаев.