Ошто шектүүнүн өлүмүнөн кийин беш милиционер кызматынан алынды

Маркум Мухаммед Каныбек уулу. Өлүкканадан жакындары тарабынан тартылып алынган кадр

Ош облусундагы Ноокат районунун 26 жаштагы тургуну «каракчылыкка» шектелип 16-октябрга караган түнү каза болгон. Анын жакындары маркумду милиционерлер «кыйнап өлтүргөн» деп билдиришүүдө.

Бул окуя коомчулукта резонанс жараткандан кийин Ош ОИИБинин беш кызматкери жумуштан четтетилди. Алар Криминалдык милиция кызматынын жашы жете электердин арасындагы кылмыштардын бетин ачуу бѳлүмчѳсүнүн башчысы жана төрт оперкызматкер.

ИИМдин ички иликтөө кызматы жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгында кызматынан бошотулгандар милдеттерин аткарууда «катачылыкка жол беришкендиги» аныкталган.

«Шектүүнү кармап келишкен кызматкерлер Мухаммед Каныбек уулун Ош ОИИБинин 2-кабатына алып чыгаарга чейин аны медициналык мекемелерден кароодон ѳткѳрбѳстѳн жана шектүүнү алып келгендиги тууралуу атуулдарды каттоо журналына каттабастан, ошол эле учурда Ош ОИИБдин жетекчилигине билдирбестен, шектүү ѳзүн жоготкон учурда ага жеткиликтүү медициналык жардам бербестен, анын каза болушуна жол беришкен», — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле, Криминалдык милиция кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнө да «эскертүү» берилди. «Жетекчи катары КМКнын ѳздүк курамынын ишмердүүлүгүн жеткиликтүү деңгээлде уюштурбагандыгы жана кол алдындагыларды тийиштүү деӊгээлде көзөмөлдөбөгөндүгү үчүн тартиптик жазасы жарыяланды» деп жазылат пресс-релизде.

Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев «Клоопко» 20-октябрда билдиргедей, беш кызматкердин шектүүнүн өлүмүнө тиешеси бар-жогун УКМКнын кызматкерлери тергеп жатат. Анын жыйынтыгы милиционерлердин менен күнөөлөрү аныкталса кылмыш жоопкерчилигине тартыларын айтты.

Мындан сырткары Аширбаев маркумдун сөөгүн көз карандысыз экспертизадан өткөрүү үчүн Бишкектен атайын кызматкерлер келгенин кошумчалады.

Каныбек уулунун өлүмү

Маркум Мухаммед Каныбек уулун 15-октябрда Кызыл-Кыя шаарындагы «Айбек» базарынан Ош ОИИБинин беш кызматкери «Каракчылыкка» шектүү катары кармашып, Ош ОИИБинин имаратына алып келишкен. Каныбек уулунун кармалгандыгы тууралуу милиция тарабынан жакындарына кабарланган эмес.

Анын кармалышына 5-октябрда Ош шаарынын 21 жаштагы тургуну аны бейтаныш жарандар карактап, 4 млн 230 миң сом акчасын жана унаасын тартып алышканы тууралуу милицияга арыз менен кайрылгандыгы негиз болгон.

Эки күн өткөн соң маркумдун сөөгүн туугандары өз алдынча Ош шаарындагы өлүкканадан табышкан. Анын денесинен көк-ала тактарды байкаган туугандары Каныбек уулун «милиционерлер мыкаачылык менен кыйнаган» деп божомолдошкон. Мындан улам алар маалымат жыйын куруп, ишти акыйкат тергеп берүү үчүн УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасашкан.

Ал арада милиция Каныбек уулу Ош ОИИБинин имаратына суракка келген учурда «жүрөгү кармап каза болду» деген маалымат тараткан. Ошондой эле, окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, окуяны териштирүүнү УКМК көзөмөлгө алганы кабарланган.

Маркумдун жакындары «эгер балабызды кыйнагандар камалбай, чындык ачыкка чыкпаса, балабыздын сөөгүн Оштогу аянтка алып чыгып жана Кыргызстандын ар бир облусуна барып көрсөтөбүз» деп билдиришүүдө.

Тема боюнча:

«Жыныстык мүчөсүн жанчып салышкан». Ошто сурак маалында каза болгон маркумдун жакындары акыйкат издейт