БШК Садыр Жапаровду шайлоодон четтеттүү талабын канааттандырган жок

Садыр Жапаров

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлер Адахан Мадумаров, Канат Исаев жана экс-депутат Бектур Асановдун арызын канааттандыруудан баш тартты. Буга чейин саясатчылар премьер-министр Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышууга укугу жок экенин билдиришкен.

Талапкерлер Жапаров премьер-министр кызматын толугу менен тапшырбай, убактылуу гана токтотконуна нааразы болушкан. Алардын айтымында, Жапаров премьерлик менен кошо азыркы учурга чейин президенттин милдеттерин аткаруучусу болуп турат.

*Конституциянын 68-беренесине ылайык, өлкө башчынын милдеттерин аткаруучу президенттик шайлоого катыша албайт. Буга чейин президенттин милдеттери премьер-министр Садыр Жапаров, кийинчерээк парламенттин төрагасы Талант Мамытовго жүктөлгөн.

Ал эми Боршайкомдун мүчөөлөрү Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн өлкө башчынын милдеттерин тапшырган деп таап, саясатчылардын даттануусун четке какты.

Бирок БШКнын эки мүчөөсү — Гүлнара Журабаева жана Адилет Сатыгулов — Садыр Жапаров БШКга документтерин тапшырган учурда президенттин милдеттерин токтотуу тууралуу арыз тапшырбаганын билдиришти.

«Президенттин милдеттерин аткаруучу Садыр Жапаров оозеки түрдө президенттин ыйгарым укуктарын тапшырганы аны талапкер катары каттап, анын документтерини кароого негиз болушу мүмкүн эмес», — деп билдирди Жураева.