«Садыр Жапаров президенттик шайлоого катыша албайт». Талапкерлер БШКга арыз менен кайрылды

Президентикке талапкерлер Адахан Мадумаров жана Канат Исаев, саясатчылар Бектур Асанов, Мамбетжунус Абылов жана Ишенбай Кадырбеков «24.kg» агенттигинде басма сөз жыйын курду. Саясатчылар милдеттерин убактылуу тототкон Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышууга укугу жок экенин билдиришти.

Экс-депутат Ишенбай Кадырбеков Конституциянын 68-беренесине токтолуп, өлкө башчынын милдеттерин аткаруучу президенттик шайлоого катыша албай турганын белгиледи. Буга чейин президенттин милдеттери премьер-министр Садыр Жапаров, кийинчерээк парламенттин төрагасы Талант Мамытовго жүктөлгөн.

Кадырбековдун айтымында, президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр отставкага кеткенден кийин гана ал өлкө башчынын милдеттеринен бошотулат. Бирок Садыр Жапаров отставкага кетпестен милдеттерин убактылуу гана токтоткон.

«Премьерликтен кеткенден кийин президенттин ыйгарым укуктарынан бошотулат. Бирок ал [Садыр Жапаров] премьер-министрликти убактылуу гана токтоткон — ал кызмат анда калат. Аны менен кошо президенттин милдеттерин аткаруу да калат», — деди экс-депутат Ишенбай Кадырбеков.

*Конституция боюнча, президент кызматынан мөөнөтсүз кеткенден кийин анын ыйгарым укуктары Жогорку Кеңештин төрагасына жүктөлөт. Ал эми төрага өлкө башчынын ыйгарым укуктарын аткара албаса алар премьер-министрге жүктөлөт.

Буга чейин парламенттин мурдагы спикери Канат Исаев президенттин милдеттерин аткаруудан баш тарткандыктан өлкө башчынын ыйгарым укуктары премеьр-министр Садыр Жапаровго жүктөлгөн болчу.

Маалымат жыйында депутат Канат Исаев президенттик шайлоо жарышында бардык талапкерлерге бирдей шарттар түзүлбөгөнүнө даттанды.

«Садыр Жапаров президенттин милдеттерин өткөрүп, [шайлоого] катышып жатат. Бирок өткөргөн учурда дагы бардык артыкчылыктарга ээ болду: УКМКнын төрагачылыгына, Башкы прокуратурага өзүнүн партиялаштарын дайындады. Президенттин аппаратында бүгүнкү күндө Садыр Жапаровдун жарлыгы менен дайындалган адамдар. Ошол себептен биз “мыйзам бузуу болуп жатат” деп Борбодук шайлоо комиссиясына “Садыр Жапаров талапкер катары катталбасын” деген кайрылуу жибердик», — деди Исаев.

Ал эми «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров Жапаров президенттин ыйгарым укуктарын спикер Талант Мамытовго жүктөөгө укугу жок экенин белгиледи.

«Ал милдеттерин токтотуп, бирок премьер-министр боюнча калууда. Бул нонсенс. Ал [президенттин] милдеттерин бирөөгө жүктөп же өткөрүп берүү боюнча норма жок. Мындай ыйгарым укуктар бир гана Кыргыз Республикасынын Конституциясына жүктөлгөн. Бул анын менчиги эмес», — деди Мадумаров.

Конституциянын 68-беренесинде Жогорку Кеңештин төрагасынан кийин «президенттин ыйгарым укуктары премьер-министр же премьер-министрдин милдетин аткаруучу адам аткарат» деп көрсөтүлгөн. Учурда премьердин милдеттерин биринчи вице-премьер Артем Новиков аткарып жатат.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өткөрүлөт. Учурда шайлоо жарышында 20 талапкер калган, бирок алардын саны мындан да азайышы мүмкүн.