Президенттин милдеттери спикер Талант Мамытовго жүктөлдү

Президенттин ыйгарым укуктары Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго 14-ноябрда өткөрүлдү. Буга чейин өлкө башчынын милдеттерин премьер-министр Садыр Жапаров аткарып келген — ал президенттик шайлоого катышуу үчүн ыйгарым укуктарын өткөрүп берди.

Мамытов өз кайрылуусунда президенттин милдетин аткаруучу катары «элдин тынчтыгын, өлкөнүн бүтүндүгүн коргоо үчүн бардык аракеттерди жасай» турганын билдирди.

«Элдин талабын аткаруу максатында конституциялык реформалар даярдалууда. Эң башкы милдет — 2021-жылдын 10-январына белгиленген президенттик шайлоону ачык жана мыйзам чегинде өткөрүү. Бардык талапкерлер үчүн бирдей шарт түзүү менен элдин эркин тандоосун камсыз кылуу. Ошондуктан өлкө башчысынын милдеттерин аткарууга киришип жатып, эл алдындагы, мамлекет алдындагы жеке жоопкерчилигимди сезип жатам», — деди Мамытов.

«Республика — Ата-Журт» фракциясынын депутаты Талант Мамытов 4-ноябрда Жогорку Кеңештин спикери болуп шайланган — ал «Кыргызстан» партиясынын лидери Канат Исаевдин ордуна келди. Исаев президенттик шайлоого катышуу үчүн спикерликтен кеткенин айткан.

Буга чейин Мамытов Жогорку Кеңештин отурумдарында бир нече депутаттар менен парламенттик шайлоодон мурда конституциялык реформаларды өткөрүү зарыл экенин айтып келген. Бул ойду Садыр Жапаров да карманат.

Талант Мамытов 2010-жылы Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев негиздеген «Ата Журт» партиясынан Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышына депутат болуп шайланган.

2012-жылдын октябрь айында Жапаров, Ташиев жана Мамытов Кумтөр алтын кенин улутташтыруу талабы менен Ак үйдүн астында митинг уюштурушкан. Кийинчерээк митингчилер Ак үйдүн тосмосунан ашып түшкөнгө аракет жасашкан.

Үч депутат укук коргоо органдары тарабынан кармалып, аларга «бийликти күч менен басып алуу» айыбы тагылган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 2013-жылы алардын күнөлүү деп тапкан. Кийинчерээк Бишкек шаардык сотунда судья Курманкул Зулушев депутаттарды актаган. Ал эми үстүбүздөгү жылдын 20-октябрында Жогорку Сот аларды толугу менен актады.

Бүгүнкү күндө Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагасы, ал эми Курманкул Зулушев Башкы прокурор болуп дайындалган.