«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамы күн тартибинен алынды

Социалдык маселелер жана маданият боюнча парламенттик комитети 14-декабрда «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун карамак. Бирок мыйзам долбоору мамлекет башчысынын аппаратынын өтүнүчү менен күн тартибинен алынды.

«Президенттин аппараты аталган маселени күн тартибинен алып салууну суранат, себеп дегенде техникалык бөлүгү менен түзүмү боюнча тактай турган жагдай бар. [Мыйзам долбоорун] бүгүн күн тартибинен алып, убакыт берүүнү суранабыз», — деди жыйында президенттик аппараттын өкүлү.

Жыйында чуу жараткан мыйзам долбоору боюнча маданият жана маалымат министри Нуржигит Кадырбеков баяндамачы болуп чыкмак.

Жыйынга мыйзам долбоорунун демилгечилери Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонов, президенттин парламенттеги ыйгарым өкүлү Анарбек Калматов жана өкмөттүн парламенттеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов чакырылган.

Ошол эле кезде Кыргызстандын медиа коомчулугу бир нече себептер боюнча мыйзам долбоорун кароого каршы чыкты. Медиа тармактын кызматкерлери документти «мөөнөтү өтуп кеткен алтынчы чакырылыштын эмес», жаңы жетинчи чакырылыштын депутаттары кароого алышы керек деп эсептешет.

Алардын пикиринде, учурда эл өкүлдөрү мыйзамдарды процедураларды одоно бузуп, коомдун оюн этибарга албай кабыл алып, өздөрүн дискредитация кылып бүтүшкөн.Ошондой эле медиа коомчулук мыйзам долбоорун 2021-жылдын 10-январында өтө турган президенттик шайлоонун алдында кабыл алуу маморгандарга соцтармактарды көзөмөлдөп, «алардын кадыр-баркына коркунуч келтиргендерди» бөгөттөп жана жоопкерчиликке тартууга шарт түзөт деп эсептейт.

Чуу жараткан мыйзам

Мыйзамды депутат Гүлшат Асылбаева демилгелеген. Коомчулуктун, активисттердин жана юристтердин нараазычылыгына карабастан, Асылбаева долбоор коомдук талкууга коюлгандан тарта өз мыйзам долбоорун коргоп келген.

Мыйзам долбоору кескин сынга алынып, ал эми юристтер бул мыйзам жарандардын сөз эркиндигине болгон укугун «одоно» бузат жана интернетке мамлекеттик чектөө коёт деп белгилешкен.

«Адилет» укуктук клиникасы мыйзам долбоорун анализдеп чыгып, колдонуучунун фамилиясы жана инициалдары милдеттүү түрдө жазылышы керек деген пунктту «сандырак» деп баалаган. Укуктук клиника белгилегендей, анонимдүүлүккө ар бир жарандын укугу бар, ал эми интернетте мыйзам бузган адамды табуу үчүн атайын кызматтын мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү.

Ошондой эле мыйзамда ыйгарым укуктуу орган жалган деп эсептеген маалыматка чектөө коё алат деп көрсөтүлгөн. Бирок Кыргызстандын учурдагы мыйзамына ылайык, мындай чечимди бир гана сот чыгара алат.

Factcheck.kg журналисттери мыйзамды кенен талдап чыгышкан. Ага ылайык, аталган мыйзам долбоору Орусияда кабыл алынган ушундай эле мыйзам менен 64%га дал келерин аныкталган. Ал эми айрым беренелер эч өзгөртүүсүз көчүрүлгөн.

Коомчулуктун каршылыгына карабастан, парламенттин депутаттары мыйзам долбоорун жактырып, президент Сооронбай Жээнбековго кол коюу үчүн жөнөткөн. Бирок Жээнбеков мыйзамды кабыл албай, каршы пикирин билдирген.

Жээнбековдун басма сөз кызматы президент документтин текстине карата каршы пикирин айтканын билдирген — ал долбоордо келтирилген укуктук мамилелердин субъектилерин жана аларды ишке ашыруу мехнизмдерин кайра карап чыгууну сунуштаган. Ошондой эле президент документте жазылган техникалык аспектилерди кайра карап чыгууну сунуштаган.

Парламент мыйзам долбоорун Жээнбековдун каршылыктарын эске алып кайра түзөтүп чыгышы керек болчу, бирок документ өлкөдөгү саясий кризистен улам төрт айдан ашуун каралбай калган. Шайлоодон кийин депутаттар алмашышы керек эле, бирок эл толкундоосунан кийин шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп таанылган.

Натыйжада парламенттин депутаттары бийликте калып, ал эми президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кеткен. Бийликке митинг учурунда абактан чыгарылган Садыр Жапаров келген. Учурда ал президенттик шайлоого камданып жатат, ал эми маанилүү кызматтарда анын тарапташтары иштеп жатат. Алар: Талант Мамытов — презденттин м.а. жана Камчыбек Ташиев — УКМКнын башчысы.