Нарын дарыясына курулган көпүрөдөн 17 млн сом өөнөп калган жетекчи кармалды

Автомобиль, суу транспорт жана салмак габаритти көзөмөлдөө агенттигинин аймактык бөлүмүнүн башчысы Т.К.А кармоо учуру.

Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу автомобиль, суу транспорт жана салмак габаритти көзөмөлдөө агенттигинин аймактык бөлүмүнүн башчысы Т.К.А 16-декабарда кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, шектүү Нарын дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнү курууда мамлекетке 17 млн сомдон ашуун зыян келтирген. УКМК тараткан маалыматта, мыйзамсыз бул иштер качан жасалганы так жазылган эмес.

Учурда шектүү Нарын шаардык Ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда.