БШК жана укук коргоо органдары Мадумаровдун командасына карата коркутууларды иликтейт

17-декабрда Боршайкомдун ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобуна «Азаттык» үналгысынын «Мадумаров Ысык-Көлдө өтчү үгүт иштери үзгүлтүккө учураганын билдирди» аттуу материалы келип түшкөн.

«Президенттикке талапкер Адахан Мадумаров КТРКнын эфириндеги кайрылуусунда Ысык-Көл облусундагы штаб мүчөлөрүнө белгисиз адамдардан коркутуп-үркүтүүлөр келип жатканын айтты», — деп билдирет БШК.

Ошондой эле материалдар Ички иштер министрлигине жана Башкы прокуратурага дагы жөнөтүлгөн.

Президентикке талапкер жана «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров ушул тапта штабдын мүчөлөрү өздөрүнүн атынан милицияга арыз жазуу тууралуу маселени карап жатканын Kaktus.media басылмасына билдирген.

Буга чейин 17-декабрда Мадумаров КТРКнын эфиринде үгүт кампаниясын Ысык-Көл облусунан баштоону пландагын, бирок ага тоскоолдуктар жаратылганын кабарлаган.

«Жапайычылыктын чегине келдик, Мадумаровдун штабын түзүп жаткандар жалынып-жалбарып бизден суранышты. Алар мага "бизде жаштар пайда болду, “эгерде кимде ким бир жигиттен башка талапкерге чуркаганын көрсөк, барып үйүңөрдү өрттөйбүз” деген коркутуулар менен жүрөт" деп айтышты», — деген ал.

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров Адахан Мадумаровдун Ысык-Көлгө барганда аны админресурс колдонуп киргизбей койгон окуя боюнча айткандарына өзүнүн пикирин билдирди.

«Адахан Мадумаров кечээ кайрылып “мен Көлгө барсам админресурс колдонуп киргизбей койду” деп айтыптыр. Жок, андай эмес, мен бардык жактарга айтып жатам кайсы гана кандидат болбосун кучак жайып тосуп алгыла, программасын уккула, татынакай узаткыла андан кийин программасына, берген убдасына жараша көкүрөгүңөр менен добуш бергиле деп айтып жатам», — деген ал.

Жапаров ошондой эле, жакында эле өкмөттө шайлоо өткөрүү боюнча штаб түзүлгөнүн жана ким добуш сатып алып жатса, добушун сатып жаткан шайлоочуну кошуп туруп камагыла деген сөз айтылганын кошумчалады. Андан сырткары Башкы прокуратура дагы координациялык кеңеш өткөрүп, шайлоо эржесин бузгандардын баарын камай турганын эскерткенин белгиледи.

Мадумаровго карата басым

Мурдараак «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Садыр Жапаров басым кылып жатканын кабарлаган. Ал Москвадагы мигранттар менен жолугушуусунда тартылган видеону үгүттүн бар-жогуна текшертүүнүн артында Жапаров турат деп билдирген.

«Мени “Орусияда кыргызстандыктар менен жолугушуусунда үгүт иштерин жүргүзгөн” деген шылтоо менен мени президенттик жарыштан алып салуу аракетиңизди мен сиздин өзүңүзгө ишенбегени үчүн деп түшүндүм», — деп айткан болчу анда саясатчы.

Мындан сырткары Мадумаров Садыр Жапаров президенттик шайлоого барарын жарыялагандан кийин мамлекеттик бюджеттин эсебинен аймактарды кыдырып, түрдүү маселелерди чечүүгө убада бергенин» эске салган.

«Сиз журналисттерге маек курганда президенттик шайлоого барарыңызды айтып, аны кийинчерээк Кочкор районунда эл менен жолугушуу учурунда ырастадыңыз. Андан кийин аймактарды кыдырып, Баткенде аймакты өнүктүрүү жана чек ара маселелерин чечүүгө убада бердиңиз», — деп белгилеген Мадумаров Жапаровдун аймактарды кыдырганда берген убадаларына токтолуп.

«Бүтүн Кыргызстандын» лидеринин пикиринде, БШКнын мүчөлөрү президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун аракеттерине баа бериши керек. Мадумаров Конституция боюнча президенттин м.а. өлкө башчылык кызматы үчүн талапкер боло албайт деп кошумчалаган.