«Үйүңөрдү өрттөйбүз». Мадумаров Ысык-Көлдөгү үгүт иши үзгүлтүккө учураганын айтты

Президенттикке талапкер Адахан Мадумаров анын Ысык-Көл облусунда өтчү үгүт иштери үзгүлтүккө учураганын айтып чыкты. Бул тууралуу ал 16-декабрда КТРКнын түз эфиринде билдирди.

Мадумаровдун айтымында, ал алгачкы үгүт иштерин Ысык-Көл облусунан баштамак болгон. Бирок белгисиз кишилер жергиликтүүлөрдү «бир талапкерден башка талапкерге чуркагандардын үйүн өрттөйбүз» деп коркуткандыктан жолугушуулар өткөн эмес.

«Жапайычылыктын чегине келдик, Мадумаровдун штабын түзүп жаткандар жалынып-жалбарып бизден суранышты. Алар мага "бизде жаштар пайда болду, “эгерде кимде ким бир жигиттен башка талапкерге чуркаганын көрсөк, барып үйүңөрдү өрттөйбүз” деген коркутуулар менен жүрөт" деп айтышты», — деди ал.

Мындан улам ал жолугушуусун өткөргөн эмес — саясатчы муну «элдин коопсуздугу маанилүү» деп түшүндүрүп, жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо да ушуга окшош жагдай болгонун эске салды.

«Парламенттик шайлоодо Кара-Кулжа районунан айрымдар ушинтип чыгышты эле. “Бизден бир да добуш сыртка чыкпайт” деп. Жыйынтыгы эмнеге алып келгенин баарыбыз көрдүк», — деди Мадумаров.

Талапкер билдирүүнү КТРКнын атайын бөлүнгөн түз эфиринде жасаган. Бирок билдирүүнүн видеосу телеканалдын YouTube каналынан табылган жок.

Ал эми аталган саясатчы жетектеген «Бүтүн Кыргызстан» партиясы расмий баракчасына видеонун көчүрмөсүн жүктөп, коомдук телеканалды видеону өчүрүп салууга айыптады.

«Мадумаровдун элге кайрылуусун КТРК кечээтен бери 2 жолу, бир жүктөп, кийин кайра өчүрүп, кийин кайра жүктөп өзүнүн YouTube каналынан өчүрүп салышты. Уят!» — деп жазылат партиянын расмий баракчасында.

БШК ар бир талапкерге мамлекеттик теле-радио компаниялардан элге түз эфирде кайрылууга убакыт берген. Бирок 15-16-декабрда кайрылуу жасаган талапкерлердин видеосу КТРКнын интернет сайтынан жана YouTube каналынан өчкөн. Кайрылуу жасаган талапкерлердин арасында — Эльдар Абакиров, Курсан Асанов, Бактыбек Калмаматов, Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев жана Канатбек Исаев болгон.

Анткен менен каналдын продюсерлеринин бири Бактияр Тукеев «Азаттыкка» техникалык каталар болгонун, оңдоо иштеринен соң видеолор толугу менен кайра жүктөлөрүн билдирди.

Кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына дайындалган. Үгүт иштери 15-декабрда башталып, 9-январга чейин уланат. Президенттикке 18 талапкер ат салышууда.