Ошто төрт жашар бала ышкырык оюнчук жутуп алып чарчап калды

Иллюстративдик сүрөт

Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылында 4 жашар бала ышкырык оюнчугун жутуп алып чарчап калды. Ош ОИИБинин басма сөз кызматы «Клоопко» билдиргендей, наристе ооруканага жеткирилгенге чейин эле көз жумган.

«17-ноябрда наристенин жанында апасы, чоң энеси жана чоң атасы болгон. Алар өз алдынча жардам берүүгө аракет кылышканы менен майнап чыккан эмес. Бала жарым сааттын ичинде эле кайтыш болуп калган. Ооруканага келгенде дене муздап калган», — деп билдиришти Ош ОИИБиден.

Ошондой эле, милициядан наристенин жакындары сөөгүн экспертизага берүүдөн баш тартышкандыгын кошумчалашты.

Буга чейин үстүбүздөгү жылдын 2-сентябрында Ошто үч жаштагы баланын тамагына сосиска тыгылып калып чарчап калган. Ош облустар аралык балдар ооруканасынан балага көп убакытка чейин дем жетпей калгандыгын билдиришкен. Аталган факт «мезгилсиз өлүм» катары каттоого алынган.