Ошто үч жашар баланын тамагына сосиска тыгылып каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Ош облустар аралык балдар ооруканасында 2-сентябрда үч жаштагы бала оор абалда түшкөн. Баланын тамагына сосиска тыгылып калгандыктан ал көп узабай каза тапты.

Аталган оорукананын башчысынын орун басары Кутпидин Беккозуев «Турмуш» басылмасына балага дем жетпей калганын билдирген.

«Биз колдон келген бардык тиешелүү медициналык жардамды көрсөттүк. Узак убакытка чейин жүрүп калгандыктан жакшы болбой каза болуп калды. Балага көп убакытка чейин дем жетпей калган», — деген Беккозуев.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Абсаттар Тавакалов «Клоопко» наристенин ата-энеси соттук-медициналык экспертизадан баш тартканын айтты. Аталган факт «мезгилсиз өлүм» катары каттоого алынган.

Буга чейин үстүбүздөгү жылдын июнунда Ысык-Көл облусунун Түп районунда үч жашар бала сууга чөгүп каза болгон. Наристе ойноп жүрүп, үйүнүн жанындагы каналга түшүп кеткен.