Өлкөдө коронавирустан эки киши каза болуп, жаңы 230 учур катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 23-декабрда өлкөдө коронавирустун жаңы 230 учуру катталганын маалымдады. Илдетти жуктургандардын арасында беш медициналык кызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаары — 71 (үч медкызматкер);

Чүй облусу — 71 (бир медкызматкер);

Ысык-Көл облусу — 36;

Ош облусу — 24 (бир медкызматкер);

Баткен облусу — 9;

Жалал-Абад облусу — 7;

Талас облусу — 6;

Ош шаары — 4;

Нарын облусу — 2.

Ошондой эле акыркы суткада коронавирустан 261 бейтап сакайды — алардын арасында үч медкызматкер бар.

Коронавирустан Бишкек шаарында — 78, Чүй облусунда — 63, Ысык-Көл облусунда — 39, Ош облусунда — 26, Баткен облусунда — 24, Ош шаарында — 12, Жалал-Абад облусунда тогуз, Талас облусунда алты жана Нарын облусунда төрт бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Мындан сырткары коронавирус Бишкек шаарында жана Талас облусунда бирден бейтаптын өмүрүн алды.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 79 659га жетти. Анын ичинен 73 561 бейтап айыгып, 1 337 киши көз жумду. Алгач, 18-августта, COVID-19дан улам каза болгон бейтаптардын саны 1 498ге жеткен, бирок Саламаттык сактоо министрлиги алардын санын 29 пайызга азайткан.

Жалпысынан COVID-19дун эң көп учуру Бишкек шаарында катталды — 26 258. Ал эми Чүй облусунда — 11 120, Жалал-Абад облусунда — 9 717, Ош облусунда — 8 156, Баткен облусунда — 7 089, Ысык-Көл облусунда — 7 019, Ош шаарында — 5 477, Талас облусунда — 2 503, жана Нарын облусунда — 2 220 киши коронавируска чалдыккан.

Бүгүнкү күндө илдеттен 1 453 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 78 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 2 414 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.