УКМК: Матраимовдун батирлери мамлекетке өткөрүлөт

УКМКнын басма сөз кызматы маалымдагандай, Райымбек Матраимовдун мамлекетке келтирген чыгымдын ордун толтуруу үчүн өткөрүп берген батирлери коопсуздук комитеттин кызматкерлерине эмес, мамлекеттин карамагына өткөрүлөт.

«Берилген мүлк орнотулган тартипке ылайык, мамлекеттин менчигине өтөт», — деп билдиришти ведомстводон.

Мурдараак УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимов мамлекетке 2 млрд сомдук зыянды толугу менен төлөп бергенин билдирген. Бул сумманын көбүн, тагыраагы 1,4 млрд сомду Матраимов Каржы министрлигинин атайын эсебине которгон, калганын соода борбору жана 9 батир түрүндө берген.

«Соода борборун мамлекетке өткөргөн жатабыз. Тогуз батирди УКМКнын кызматкерлери үчүн алып калабыз. Анын ичинен бир чоң батир бар — 250 же 280 чарчы метр. Бул батирде, албетте, кызматкерлер ичинен эч ким жашай албайт. Аны кайсыл бир балдар үйүнө же соцмекемелерге өткөрүп бергибиз келет», — деп билдирген УКМКнын башчысы 24-декабрда.

Анын айтымында, Матраимовдун иши боюнча материалдар маңызы боюнча кароо үчүн жакынкы күндөрү сотко өткөрүлөт. Ал эми эмне себептен батирлер күч түзүмдөрүнө берилди, пандемияда жабыр тарткан медиктерге же мугалимдерге берсе болот беле деген журналистин суроосуна, Ташиев «ал жерде болгону 9 батир, 900 эмес» деп жооп берген.

«Муну биз чечтик. Биз батирлерди ондогон жылдар бою, 20-30 жылдап кызматта иштеп, батирлерде жашап жаткан УКМКнын кызматкерлерине берүүнү чечтик. Ушул балдарга беребиз», — деп айткан ал.

Бирок мындай чечим жарандардын нааразычылыгын жараткан. Аны ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары да сынга алышкан.

Вице-премьер министр Элвира Сурабалдиева бардыгы мыйзам чегинде болушу керектигин белгилеген. Ал конфискацияланган мүлк жетим балдарга берилсе кубанычта болорун айткан.

«Мүлк Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун балансына өткөрүлүп, аукционго коюлушу керек. Менин оюмча, андан түшкөн акчага Каржы министрлиги аркылуу жетим балдарга турак жай сатып бериш керек», — деп билдирген Сурабалдиева.

Матраимовдун иши

Райымбек Матраимов — «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллардан ашуун каражат тууралуу журналисттик иликтөөсүнүн башкы фигуранттарынын бири.

УКМКнын кызматкерлери Матраимовду 20-октябрда кармашкан. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Матраимов жана башка кызмат адамдары 2016-жылдан бери мамлекеттик бажы системасында коррупциялык схеманы түзүп иштетип келишкен.

Анткен менен ошол эле күнү Матраимов үйүнө коё берилгени белгилүү болгон. УКМК экс-бажычы тергөө менен келишим түзүп, 2020-жылдын аягына чейин мамлекеттин казынасына 2 млрд сом төлөп берүүнү убада кылганын билдирген.

Кыргызстандын мыйзамында Матраимов келтирген чыгымдын ордун толтуруп берсе, кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат деген жобо жок. Бирок Жазык кодексине сунушталган мындай түзөтүүлөр коомдук талкууда каралып жатат.

Матраимовдун иши боюнча тергөө аяктай элек — УКМК анын бажы башчысынын орун басарлык кызматанан бошотулгандан кийин бажы тармагындагы коррупцияга тиешеси бар-жогун карап жатат. Тергөөчүлөр анын Орусия, Кытай, Казакстан жана Өзбекстан — эл аралык аткезчилик менен болгон байланышын териштирмекчи.