Дебат: «Тор менен тоскондон маселе чечилбейт». Талапкерлер чек ара маселесин кантип чечет

КТРКнын теледебаттары

КТРКнын түз эфиринде президенттикке талапкерлердин дебаты болуп, алар өлкөнүн чек ара көйгөйүн чечүү боюнча пландарын айтып беришти.

Бул ирет дебатка «Кыргызстан» партиясынын лидери Канатбек Исаев, «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун мурдагы мүчөсү Аймен Касенов, экс-депутат Бактыбек Калмаматов жана «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев катышты.

Талапкерлердин бири Канат Исаев Кыргызстан негизинен Тажикстан жана Өзбекстан менен такталбаган жерлерде көйгөйлөр, айрым учурда жаңжалдар дагы чыга турганын белгиледи. Ал эгер президент болуп кала турган болсо чек ара аймактарында жашаган элге салык жактан жеңилдик берүү керектигин айтты. Андан сырткары чек араны тосуп, элдин коопсуздугун сактай турганын билдирди. Ал аны кандай ишке ашыра турганын мындайча түшүндүрдү.

«Чек араны тосуш керек, жеке ишкерлер 700 гектар жерлерди тосуп коюп жатышат. Мамлекет тор менен чек араны тосо албайбы? Мамлекетте мүмкунчүлүк бар. Ашар жолу менен болсо дагы ар бирибиз 5-10 чакырымдан тоссок дагы [жасаш керек]. Мамлекеттик мекемелерге 10-15 чакырымдан бөлө турган болсок, чек арада жашаан элдин коопсуздугун сактайбыз», — деди ал. деди

Бирок дагы бир талапкер Клара Сооронкулова чек араны тор менен тосуп койгон менен маселе чечилбей турганын, тосуудан мурун демаркация, делимитация иштери чатак маселе экенин белгиледи. Ал ошондой эле, Тажикстан Кыргызстан менен болгон талаштуу аймактарындагы жерлерди чечүү үчүн атайын стратегиясы бар экенине токтолду. Алар чек арада жашаган элдин эч жакка кетпеши үчүн аларга субсидия берип, салык жактан жеңилдиктер каралганына токтолду. Андыктан учурда чек арада Тажикстан тарапта 2 млн киши жашаса, Кыргызстан тарапта 200 миң киши жашай турганын айтты. Ошондуктан Баткен облусуна өзгөчө көңүл буруу керектигин баса белгиледи.

«”Баткен” деген улуттук долбоор иштеп чыгуу керек, 5 жыл өзгөчө мамиле кылып, башкаларга салыштырмалуу көп каражат бөлүш керек, экономиканы көтөрүп, элдин санын көбөйтүү керек», — деди ал.

Аймен Касенов болсо Баткендин Лейлек аймагында алты дарыя бар экенин, ошого алты ГЭС куруу керектигин кошумчалады. Ошондой эле, суу кампаларын куруп, кайрак жерлерди ишке киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Андан сырткары Баткен өрүгү деген брэнддин алдында балдардын тамак-аштарын чыгары турчу завод курууну сунуштады. Ал ошондой эле, өрүктүн пайдалуулугу боюнча япон окумуштуулары далилдегенин кошумчалады.

Касенов өз сөзүндө Лейлекте килем чыгаруучу завод куруу керектигине токтолду.

Кыргызстанда президенттик шайлоо менен башкаруу формасын тандаган референдум 2021-жылдын 10-январында бирге өтөт. Учурда мамлекет башчысы болууга 18 талапкер ат салышып жатат.