Садыр Жапаров теледебатка келбегенин «ушак териштиргенди жек көргөнү» менен түшүндүрдү

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров «Саясий коктейль» телеберүүсүндө интервью берип, КТРКда өткөн теледебатка катышпаганы тууралуу түшүндүрмө берди. Дебат 29-декабрда өткөн.

«SuperTVнын» жетекчиси Шаиста Шатманова буга чейин Курманбек Бакиев, кийинчерээк экс-президент Сооронбай Жээнбеков дагы дебаттарга келбегенин эскертти. Журналист бул коомчулукта «бийлик тараптан чыккан талапкердин адаттагы көрүнүшү» деген пикир бар экендигин айтып Жапаровдон комментарий сурады.

«Эми мен Бакиевди, Жээнбековду туураган жокмун. Мен өзү табиятымдан эле бирөө менен айтышып, анан ушак териштиргенди жек көрөмүн. Анан ал жакка барып алып, ак ийнек айтышып, ушак териштирип отургандан көрө мен эл менен көбүрөөк жолугуп, алардын көйгөйлөрүн угуп, аймактарда кандай көйгөйлүү маселелер бар — ошолорду билип, маалыматтарды топтоп алганым мага он эсе пайдалуу», — деп түшүндүрдү Жапаров.

Ошондой эле Жапаров тедебаттардын экинчи туруна катыша турганы тууралуу чечим кабыл ала электигин кошумчалады. Дебаттардын экичи туру 6-январга белгиленип, Жапаровдон сырткары ошол эле күнү Адахан Мадумаров, Канат Исаев, Курсан Асанов, Элдар Абакиров жана Аймен Касенов катышат.

Ал эми Жапаров дебаттардын биринчи туруна катышпаганы менен ал башка талапкерлердин сынына кабылган. Айрыкча талапкер Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай) аны онлайн катыштырууну сунуштаган, бирок КТРКдан буга «техникалык мүмкүнчүлүк жок» деп түшүндүрүшкөн.

Анын эртеси күнү өткөн дебатта талапкер Абдил Сегизбаев Жапаровдун Бакиевдердин үй-бүлөсү менен байланышы тууралуу айтып, ага бир нече суроолорду узаткан.