Садыр Жапаров КТРКдагы дебатка келген жок, Арстан Алай аны онлайн катыштырууну сунуштады

КТРКда президенттикке талапкерлердин дебаттары өтүүдө. 29-декабрга белгиленген теледебатка Мыктыбек Арстанбек, Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай), Имамидин Ташов жана Элдар Абакиров келди. Ал эми талапкерлер Садыр Жапаров жана Рашид Тагаев дебатка катышкан жок.

«Бүгүнкү теледебаттарга катыша турган дагы эки талапкер Садыр Жапаров жана Рашид Тагаев бир күн мурда кат жолдоп, аймактардагы жолугушуулардын графигине байланыштуу бүгүнкү дебаттарга катышпай тургандыгын билдиришкен», — деп билдирди КТРКнын алып баруучусу Алмаз Касымалиев.

Касымалиев талапкерлерге мамлекетти башкаруу формасы тууралуу суроо узатканда, талапкер Абдылдаев бул дебатка Жапаровду онлайн болсо да катыштыруу керектигин жана аталган суроону ага узатуу керек деп билдирди.

«Ушул сурооңузду Садырга бериш керек эле, анан ошонун тегерегинде биз талкуу кылсак болмок. Онлайн режимде байланыштырбайсызбы?» — деди Абдылдаев.

Ал эми алып баруучу буга «техникалык мүмкүнчүлүк жок» болгондугун билдирди.

Жапаров бүгүн Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургундары менен жолугушту. Ал эми Рашид Тагаев өлкөнүн кайсы аймагында үгүт кылып жүргөнү белгисиз.

Кыргызстанда мөөнөтсүз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Жарышка 18 талапкер ат салышууда.

Негизги беттеги сүрөт: Табылды Кадырбеков / «Спутник» басылмасы