«Айтканыңдын баары калп!» Чүйдүн тургундары Жапаровго видео кайрылуу жасашты

Азамат Кожогулов аттуу фейсбук колдонуучусу 5-январда Чүй облусунун тургундарынын президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун дарегине жасаган видео кайрылуусун жарыялады.

* «Азамат Кожогуловдун» аккаунтунда жеке сүрөттөрү жок, ал президенттикке талапкер Абдил Сегизбаевди колдогон постторду жарыялайт, бирок бул видеодо УКМКнын мурдагы башчысы тууралуу эч нерсе айтылган эмес.

«Тегерегиңе бандиттерди чогултуп алдың го. Биз адилетсиздик болгону үчүн 5-октябрда каршы болуп чыктык да. Азыр “Биримдикке”, “Мекеним Кыргызстанга” жана “Кыргызстанга” чуркаган байлардын баары тең уялбай эле сени колдоп чуркап жүрүшөт. Адилеттүүлүк кайда?» — деп суроо салды тургундардын бири.

Ал ушундай адилетсиздик болуп жатканы үчүн чүйлүктөр Жапаровду колдобосун, ага «каршы» экенин билдирди.

Видеодогу тургун Жапаровдун «Кумтөрдү» элге кайтарып берем деген убадасын, бирок абактан чыккандан кийин ал жерде алтын калбай деп айтып көз карашын өзгөртүп койгонун дагы эске салат.

«Айткан сөзүңдүн бардыгы калп болуп калды. Райым миллион камалат деп, камалбай калды. Райымдын азабынан мына Сооронбай кетти кызматынан, эми болсо азыр баарын кыйратам деп жомок айтып жатасың. Андайдын бардыгын токтот», — деди Чүй облусунун тургуну.

Андан соң видеодогу тургундар бардыгы бир сөз менен нааразы экенин жана Жапаровду колдошпой турганын айтышты.

Кумтөрдүн алтыны

2020-жылдын 10-октябрында премьер-министрлик кызматты аркалап турган Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында сүйлөп жатып, Кумтөрдү улутташтыруу идеясынан баш тартканын билдирген.

Жапаров жакын үзөңгүлөшү жана ошол учурдагы депутат (учурда президенттин м.а.) Талант Мамытовдун суроосуна жооп берип жатып, 2 жыл мурун «Супер-Инфо» басылмасына курган маегинде «Кумтөрдү» улутташтыруунун кереги жок, анткени ал жакта алтын калбай калган деп билдиргенин айткан.

Анын пикиринде, 2019-жылы премьер-министр болуп турган Мухаммедкалый Абылгазиев «Кумтөргө» кошумча 16 гектар жерди бөлүп берген, анткени мурда алтын борбордук карьерден гана казылып келген, азыркы учурда ал жерде алтын түгөнгөн.

«Борбордук карьерде алтын түгөнүп калгандыктан, мен интервьюда “Кумтөрдү” кайтаруунун кереги жок деп айткам», — деген ал.

Кийин Factcheck.kg басылмасынын журналисттери Жапаровдун айткан сөздөрүн төгүндөп, Кумтөр алтын кенинде дагы 5,1 млрд долларга баалана турган 100 тоннадан ашык алтын кору бар экенин далилдешкен.

Матраимовдун иши

Райымбек Матраимов — «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллардан ашуун каражат тууралуу журналисттик иликтөөсүнүн башкы фигуранттарынын бири.

УКМКнын кызматкерлери Матраимовду 20-октябрда кармашкан. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Матраимов жана башка кызмат адамдары 2016-жылдан бери мамлекеттик бажы системасында коррупциялык схеманы түзүп иштетип келишкен.

Анткен менен ошол эле күнү Матраимов үйүнө коё берилгени белгилүү болгон. УКМК экс-бажычы тергөө менен келишим түзүп, 2020-жылдын аягына чейин мамлекеттин казынасына 2 млрд сом төлөп берүүнү убада кылганын билдирген.

Матраимов кармалган учурда Кыргызстандын мыйзамында кимдир бирөө, эгер келтирген зыяндын ордун толтуруп берсе кылмыш жоопкерчилигинен кутулат деген ченемдер жок болчу — Жазык кодексине мындай түзөтүүлөргө 2021-жылдын 5-январында гана президенттин м.а. Талант Мамытов кол койгон.

Матраимовдун иши боюнча тергөө аяктай элек — УКМК анын бажы башчысынын орун басарлык кызматанан бошотулгандан кийин бажы тармагындагы коррупцияга тиешеси бар-жогун карап жатат. Тергөөчүлөр анын Орусия, Кытай, Казакстан жана Өзбекстан — эл аралык аткезчилик менен болгон байланышын териштирмекчи. УКМКдан убадалашкандай, жакын арада бардык документтер сотко өткөрүлүп берилет.