Оштун «Алай» футбол клубу жаңы машыктыруучу менен келишим түздү

Ош шаарындагы «Алай» футбол клубу жаңы башкы машыктыруучу жана эки легионер менен келишим түздү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

«Команданын директору Алмаз Сулайманов машыктыруучу Номонджон Юсупов, дарбазачы Давид Купатадзе жана коргоочу Торник Джимшелеишвили менен бир жылга келишим түздү», — деп маалымдашты Ош мэриясынан.

Ошондой эле, аталган кызмат билдиргендей, калаанын мэри Таалайбек Сарыбашев аталган футбол клубунун оюнчулары жана машыктыруучулары жашаган жайды капиталдык оңдо-түзөөдөн өткөрүп, эмеректерди жаңылап, шарт түзүп берди.

«Алай» футбол клубу 1960-жылы негизделген. Ал Кыргызстандын төрт жолку чемпиону жана өлкө кубогунун ээси.

Буга чейин өткөн жылдын башында жергиликтүү бюджеттен «Алай» футбол клубуна 19 млн 500 миң сом бөлүнгөн. Сулайманов аталган каражат футболчулардын чыгымдарын актабай турганын билдирген. Ошондой эле клубдун ишин алдыга сүрөө үчүн демөөрчүлөр изделип жатканын кошумчалаган.

Сулаймановдун айтымында, бөлүнгөн каражаттын 1,1 миллиону Кыргызстандын футбол федерациясынын төлөмүнө кетет. Ал эми калганы футболчулардын кийим-кечесине, айлык маянасына, премия жана башка төлөмдөрүнө сарпталат.