Оштун «Алай» футбол клубуна казынадан бөлүнгөн 19,5 млн сом чыгымдарын актабайт

Ош шаарынын «Алай» футбол клубуна жергиликтүү бюджетинен быйыл 19 млн 500 миң сом бөлүндү. Бул сумма өткөн жылдыкы менен эч айырмаланбайт.

Калаадагы Ахматбек Сюумбаев атындагы стадиондун жана «Алайдын» директору Алмазбек Сулайманов аталган каражат футболчулардын чыгымдарын актабай турганын билдирди. Ошондой эле клубдун ишин алдыга сүрөө үчүн демөөрчүлөр изделип жатканын кошумчалады.

«[Бөлүнгөн] каражат аздык кылат. Ал акчанын 1,1 миллиону Кыргызстандын футбол федерациясынын төлөмүнө кетет. Аны төлөбөсө ойнотпойт да. Калганы футболчулардын экипировкасына, айлык маянасына, премия жана башка төлөмдөрүнө сарпталат», — деди Сулайманов.

Мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров жергиликтүү бийлик «Алайга» жеке демөөрчүлөрдү табууга жардам берээрин айтты.

«Алай» футбол клубу 1960 жылы негизделген. Ал Кыргызстандын төрт жолку чемпиону жана өлкө кубогунун ээси.