Ноокат: Жашы жете элек кызга нике кыйган молдо жазадан бошотулду

Иллюстративдик сүрөт

Ош облусунун Ноокат райондук соту 16 жаштагы кыз жана 20 жаштагы балага нике кыйган молдонун ишин карап чыкты. Өкүм Жогорку соттун расмий сайтында жарыяланды.

Өкүмдө окуя 2018-жылдын 20-октябрь айында болгону көрсөтүлгөн. Ошол күнү айыпталуучунун айылдашы «анын уулуна жана келинине нике кыйып берүүнү» суранган. Андан соң ал кыз-жигиттин паспортторун сурабастан жана китепке каттабай туруп алардын никесин кыйган.

Соттук отурумда молдо күнөөсүн мойнуна алып, эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жаза берүүнү суранган. Ал эми жабырлануучу кыз буга чейин күйөөсү менен сүйлөшүп жүргөнүн билдирип, айыпталуучуга карата кылмыш ишин кыскартууну өтүндү.

Ноокат райондук соту аны «Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу» беренеси менен күнөөлүү деп табып, аны үч жылга эркинен ажыраткан. Ошол эле учурда сот айыпталуучуга карата амнистия колдонуп, жаза өтөөдөн бошоткон.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2016-жылы жашы жете электердин никесин кыюуга тыюу салуучу мыйзамга кол койгон — бул мыйзамды бузган молдолорго кылмыш жоопкерчилиги каралган. Ал эми бир айдан кийин муфтият диний ишмерлерге жашы жете электердин никесин кыюуга тыюу салган.

Арадан үч жыл өтүп молдолор никени китепке каттоо үчүн үйлөнө тургандардын паспортторун талап кыла башташкан.