Эми молдолор никеге туруучуларды паспорт аркылуу каттай баштайт

Кыргызстандын дин башкармалыгы 12-июндан тарта имам жана молдолорго өлкө аймактарында никеге тургандарды каттоого алууну буйруду. Ал үчүн муфтият дин кызматкерлерине каттоо журналын тапшыра баштады.

Муфтияттан билдиришкендей, эми дин кызматкерлери никеге туруп жаткан жубайларды паспорттору аркылуу катоого алышат. Бул алардын 18 жашка толуп-толбогонун тастыктоо максатында жүргүзүлөт.

«Никени каттоого алган дин кызматкерлери жана имамдар квартал сайын райондук имамдарга отчёт тапшырышат. Ал эми райондун баш имамдары облустук казыяттарга, облустук казыяттар муфтиятка никеге туруучулар жөнүндө отчёт берип турушат», — деп түшүндүрдү муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев.

Журнал үч миң нуска менен басылып чыгып, 12-июндан 3-июлга чейин Кыргызстандын бардык аймактарындагы дин кызматкерлерине таратылат.

Жогорку Кеңеш 2016-жылы жашы жетпегендерге турмуш курууга тыюу салган мыйзам кабыл алган. Ага ылайык, 18 жашка чейинкилерге үйлөнүп же турмушка чыккандарга, нике кыйгандарга, аларды мажбурлап турмушка берген тараптарга жоопкерчилик каралган. Бул үчүн күнөөлүү деп табылгандар 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.