Маданият министрлиги Тарых музейин мартка чейин ачууну убадалады

Маданият министринин орун басары Илязбек Балташев парламенттин отурумунда Тарых музейи 2021-жылдын мартына чейин ачыларын билдирди. Анын айтымында, ведомство музейди 2020-жылдын декабрында эле 95 жылдыкка арнап ачууну пландаган, бирок бул ишке ашпай калган.

«Тилекке каршы, балким саясий чечимдерден улам ушундай болуп калган. Азыр болсо туруктуулук болуп калды, марттын башына чейин ачууну пландап жатабыз», — деди Балташев.

Ал кошумчалагандай, музейдин немис жалданмачы компаниясына болгон карызы дагы деле чечиле элек, ал эми сумма 2021-жылдын бюджетине киргизилген эмес.

«Жалданмачыда немис субподрядчик компаниясына 225 миң евро өлчөмүндө дебитордук карызы бар. Немис тарап төлөө кепилдиги жок ишти улантууга даяр эмес. Демек, акча төлөнмөйүнчө бүт жумуш токтоп турат», — деди ал.

Кыргызстандын бийлиги музейдин программалык жабдуусунун ачкычын алышы үчүн немис жалданмачы компаниясына карызды төлөп бериши керек. План боюнча, ал программанын жардамы менен электрондук билет берүү жана музей экспонаттарын электрондук түрдө көрсөтүү ишке киргизилмек.

Музейди жасалгалоо ишин ким аткарган?

Документтерге ылайык, ички бөлмөлөрдү жасалгалоо ишин Кыргызстандын «СМУ-3» компаниясы аткарган. Музей үчүн жабдууларды Германиянын Vitrinen- und Glasbau REIER компаниясы алып келген. Эки компания тең тендерсиз тандалып алынган.

«СМУ-3» компаниясы Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өткөн Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майдандын курулушуна катышкан. Андан сырткары, бул компания Ала-Тоо аянтында «Манастын» эстелигин орноткон.

Ал 2017-жылы 46,5 млн сомго УКМКнын кызматкерлери үчүн үйдүн курулушуна тендерди утуп алган. «СМУ-3» курулушка катышуу үчүн билдирме тапшырган жалгыз компания болгон. Мурдарак ушул эле компания УКМК үчүн 90,2 млн сомго үйдүн курулушуна жарыяланган конкурсту утуп алган.

Парламенттин депутаттары компания мамлекеттик буйрутмаларды бир нече жолу тендерсиз аткарып жатканын белгилеген.

Музейге эмеректерди жеткирип берген Vitrinen- und Glasbau REIER компаниясы Германияда жайгашкан. Ал музей жабдууларын өндүрүп чыгарат.

Компаниянын сайтында ал дүйнө жүзү боюнча көптөгөн музейлер үчүн — Лондондогу Улуттук тарых музейи үчүн, Санкт-Петербергдагы Эрмитаж үчүн, Женевадагы Этнографиялык жана башка музейлер үчүн жабдууларды жасап бергени айтылат.

Германиянын ЖМКлары 2017-жылы ноябрда Кыргызстандын тарых музейи компаниянын тарыхында эң эле ири долбоор экенин жазышкан.

Аймактык Lausitzer Rundschau гезатасы Кыргызстандын президентинин жеке кеңешчиси июндун ортосунда компанияга келип, ошондон кийин президентке телефон аркылуу долбоорго эч ким жолтоо болбосун тастыктаганын жазган. Андан соң Кыргызстан компания менен 9 млн еврого келишим түзгөн.

Басылманын маалыматына ылайык, компания Кыргызстандын Тарых музейи үчүн 311 айнек витрина өндүрүп бериши керек болгон.

Тарых музейин реконструкциялоо тууралуу иш

Бишкектеги Тарых музейи мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси боюнча 2016-жылы мартта реконструкцияга жабылган.

Реконструкция процессин Атамбаевдин тушунда президенттик администрациянын башчысынын орун басары болуп турган Сапар Исаков тескеген.

Музейдин реконструкциясына бюджеттен 1,5 млрд сом (19 млн еврого чукул акча) бөлүнгөн.

Ошондой эле, реконструкция ишине Түркиянын кызматташтык жана өнүгүү боюнча агенттиги (ТИКА) да 15 млн доллар бөлгөн. Ал имараттын тышын гана камтыган жана жумуштун биринчи баскычын аткарып берген.

2018-жылы май айында депутаттар реконструкцияланган музейге барып, имарат тендерсиз жана долбоордук-сметалык документтерсиз оңдоп түзөлгөнүн айтып чыккан.

Ошол учурда УКМК тарых музейинин реконструкциясына жумшалган каражаттарды дароо эле текшере баштаган. Кийинчерээк ремонттун баасы ашыра көтөрүлгөн деп билдирген.

Бул иш менен Чолпон-Атадагы ат майданын куруудагы коррупциялык иштер бир кылмыш ишине бириктирилген.

Мамлекетке келтирилген чыгым 200 млн сомдон ашык каражатты түзгөн — музей боюнча 101,6 млн сом, ал эми ипподром боюнча 145,9 млн сом.

Жазык кодексинин 303-беренеси («Коррупция») боюнча алты адамга айып тагылган.

Алардын арасында мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков жана Мира Карыбаева да болгон.

Мамлекеттик айыптоочулар Исаков «өз ыйгарым укуктарын аша чаап, Мира Карыбаева менен укукка каршы туруктуу байланыш түзгөн» деп ишендирген. Исаков өзү бул иш саясий экенин жана анын артында Сооронбай Жээнбеков өзү турарын айткан.

Кийинчерээк Бишкектин Биринчи май райсоту Сапар Исаков менен Мира Карыбаеваны күнөөлүү деп тапкан. Исаковго карата 18 жыл эркинен ажыратуу жана 247 млн 650 миң сом айып салуу өкүмү чыккан, ал эми Карыбаевага 260 миң сом айыппул салынган. Шаардык сот бул өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган.

ТЕМА БОЮНЧА: Тарых музейин тендерсиз жана долбоордук сметасы жок реконструкциялашууда. Бул боюнча эмне белгилүү?