Атамбаев дагы эки аптага камакта калтырылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн кароону 28-январга жылдырган. Бул тууралуу адвокаты Замир Жоошев билдирген. 14-январда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз абактан бошотулушу тууралуу иш сотто каралмак.

Мурунку президенттин жатоочулары аны №47 колониядагы камактан эки себеп менен бошотууну суранышкан. Алар Жогорку соттун биринчи жана экинчи инстанциялардын өкүмүн жокко чыгарышы жана Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөр.

«Сот Атамбаевди камактан бошотуу ишин кароодон баш тарткан. Процесстин ббир-эки катышуучусу жок болгону шылтоолонуп, ал 28-январга жылган. Алар жок болгон күндө деле бул маселени кароого мыйзам жол берет», – деп билдирди Атамбаевдин дагы бир адвокаты Сергей Слесарев.

Жоошевдин айтымында, мурдагы президентти бошотуу тууралуу өтүнүч келтиргенинин дагы бир себеби, мыйзамда «шектүүлөрдү бир жылдан ашык камакта кармоого болбойт» деген жобо бар.

Жактоочу ошондой эле, камакка алынгандар «өзгөчө учурларда гана» бир жылдан ашык кармоого болот деген Конституциялык палатанын 2020-жылдын 16-декабрында чыгарылган чечимине таянып жатат.


«Бугүнкү күндө эч кандай өзгөчө кырдаал жок. Алмазбек Шаршеновичтин бул иш боюнча камакта негизсиз отурганына мына бир жыл беш ай болду. Бугүн аны чыгарыш керек эле», — деди Жоошев.


Анын айтымында, иш Жогорку соттон Биринси май райсотуна 7-декабрда эле келген, сот «эч кандай жыйынсыз жана өкүмсүз» Атамбаевди эркинен ажыратуу чечимин чыгарып койгон. Бирок сот «эмнегедир» процесстин бардык катышуучуларынын келишин талап кылган.

Жоошев соттун мындай талабы процессти созуп коюшу мүмкүн экенин айтат, анткени колонияда кармалып турган Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу «начарлап», демек ал отурумдарга катыша албай калышы ыктымал.

Атамбаевдин ден соолугу

Адвокат Жоошев мурдагы президенттин эки омурткасында грыжа бар экенинин, мындан улам ал «аз убакытка дагы» отура албасын айткан. Ошондой эле, адвокат Атамбаевдин башка дагы оорулары, анын ичинде жүрөккө байланышкан дарты бар экенин билдирген.

«Операция кылуу зарыл же зарыл эместигин – врачтар аныктайт. Бирок экс-президентке ден соолугун калыбына келтирүү үчүн толук дарыланууга шарт түзүп берүү зарыл», – деп эсептейт адвокат.

Жогорку соттун кайсы чечими?

Жогорку сот Биринчи май райондук жана Бишкек шаардык сотунун 2020-жылдын 30-ноябрындагы Алмазбек Атамбаевге карата чечимдерин жокко чыгарган. Бул инстанциялар Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуудагы коррупцияга айыптуу деп табышкан.

Иш Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлгөн. Мурдагы президенттин адвокаттары аны камактан бошотот деп үмүттөнүшкөн. Анткени ага карата козголгон «бир дагы ишинде» баш коргоо чарасы тууралуу соттун чечими болгон эмес.

Бирок ошол учурдагы сотто, Азиз Батукаевдин иши биринчи инстанцияда – Биринчи май райондук сотунда каралып башталганга чейин Атамбаев абакта болорун кабарлашкан.

Атамбаев жана Батукаевдин иши

Кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча ишти 2019-жылдын жаз айларында кайрадан жандандырышкан. Батукаев 2013-жылы лейкоз оорусуна чалдыккан деген маалымдаманын негизинде бошотулган. Кийин медициналык документ жасалма экени ачыкка чыккан.

Бул ишти кайрадан иликтөө Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан, кол тийбестигинен жана башка артыкчылыктарынан ажыратууга себеп болгон негиздердин бири. ИИМ Атамбаевди Азиз Батукаевдин иши боюнча үч жолу суракка чакырган, бирок мурдагы президент үч чакырууну тең тоготпой, тергөөчүгө жолуккан дагы эмес.

Кийин мындай кадам Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы резиденциясын штурмга алууга себеп болгон. Мурдагы президенттин тарапташтарына эки күн бою каршы туруудан кийин күч түзүмдөрү акыры Атамбаевди колго түшүргөн. Атайын операция учурунда бир спецназ каза болуп, 100гө жакын адам ар кандай жаракаттарды алган. Батукаевди бошотууга айыпталган иштин башка фигуранттарына айып салынган.