Ош мэриясы чатырын жаңылоо үчүн 1,6 млн сомдон ашуун акча жумшайт

Ош мэриясынын имараты. Сүрөт: Эрнис Нурматов

Ош шаардык мэриясынын имаратынын чатырын жаңылоо үчүн жергиликтүү казынадан 1,6 млн сомдон ашуун каражат коротулат.

Мамлекеттик сатып алуулар депатраментинин сайтынан тендер 24-декабрда жыйынтыкталганын, ага 12 компания катышканын көрүүгө болот. Калаа бийлиги чатырды алмаштырууга 2,6 млн сом бөлүп берүүгө даяр болгон.

Конкурста эң аз акча сунуштаган — 1 млн 637 миң сом — «Нур-Эл Строй» жоопкерчилиги чектелген коому жеңүүчү деп табылган. Аталган компания юстиция министрлигинде мындан бир жыл мурун катталган. Анын жетекчиси Дастанбек Мисиралиев деп көрсөтүлгөн. Мисиралиевдин фейсбук баракчасынан ал мурда Мамлекеттик салык кызматында иштегенин билүүгө болот.

«Уткан компания чатыры менен кошо суу өтүп кеткен эки иш бөлмөнү да оңдойт. Ошондой эле, чатыр жабууда жыгач эмес, металлоконструкция колдонулат», — деген шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Шумкарбек Пайзиев «Турмуш» басылмасына.

Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров чатырдан суу өтүп жаткандыктан, аны толугу менен жаңылоо зарылчылыгы келип чыккандыгын билдирди.

«Биз 4-чү кабатта отурабыз. Өткөндө кар жаап, андан кийин ал эригенде, суу өтүп, иштөөгө такыр мүмкүн болбой калды. Аны оңдоп отургандан көрө бир жолу алмаштырган оң болуп калды», — деп түшүндүрдү Абсаттаров.

Буга чейин мэр Таалайбек Сарыбашов жашап жаткан Түштүк резиденциядагы кызматтык үйү 3 миллион сомго оңдолгон. Сарыбашов «Т-Медиа» басылмасына мэр жашай турган турак жай каралбай калып, эски болгондуктан капиталдык оңдоодон өткөндүгүн айткан.