Оштун мэри жашаган резиденциядагы үйдү оңдоого 3 млн сом жумшалган

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жашап жаткан Түштүк резиденциядагы кызматтык үйү 3 миллион сомго оңдолгон. Бул тууралуу калаа башчысы 3-декабрда «Т-Медиа» басылмасына маек куруп жатып билдирди.

Сарыбашовдун айтымында, мэр жашай турган турак жай каралбай калып, эски болгондуктан тендердик баасы 3 млн 291 миң сомду түзгөн капиталдык оңдоодон өткөн.

«Башка кызматтык үй салсаң дагы андан эки-үч эсе көп каражат кетет. Кийинки келген мэрлерге деле кызматтык үй болуп калат. Башка жактан келип иштеп калышы мүмкүн. Мен ойлом мен өз үйүмдү жасатып алган жокмун, бул кызматтык үй болуп калды», — деди ал.

Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров «Клоопко» калаа башчысынын шаарда өз үйү жок болгондуктан резиденцияда жашарын айтты.

«Үйдүн ремонттолгонуна бир жылдан өтү. Мэрдин өзүнүн үйү Алай районунда. Бул үй оңдолгончо ал батирде турган. Буга чейин өкмөттүн өкүлү болуп турганда да резиденцияда жашачу», — деди ал.

Абсаттаровдун айтымында, кызматтык үйдүн канализациясы оңдолуп, чатыры жабылган. Ошондой эле ал кызматтык үйлөрдө жашаган жетекчилер коммуналдык чыгымдарды өздөрүнүн эсебинен төлөрүн кошумчалады.

«Гүлчөдөгү хан сарай»

Буга чейин ушул эле түз эфирден журналисттердин бири Сарыбашовго «Гүлчөдөгү хан сарайды кайсы акчага салдыңыз?» деген суроо узаткан. Анда ал үй атасына таандык экенин жана аны бир туугандар чогулуп курушканын билдирген.

«Үй-бүлөдө 11 бир тууганбыз. Баарыбыз бизнес менен алектенебиз. Мен да 15 жылдай Орусияда иштеп жүргөм. Эң кичине иним азыр атамын колунда. Ал Гүлчөдө жеке базар иштет. Ал эми менин үйүм жөнөкөй эле», — деп жооп берген ал.

Сарыбашов Ош шаарына мэр болуп 2018-жылдын июлунда шайланган. Ага чейин ал 2008-жылы Алай райондук кеңешинин депутаты, төрт жылдан соң Алай районунун акими болуп, 2015-жылдан баштап калаа башчылыгына келгенге чейин Ош облусун жетектеп турган.

6-октябрда Ош шаарында борбордук аянтта орун алган башаламандыкта митингчилер мэрдин кызматын тапшыруусун талап кылышкан. Ош шаардык кеңешинин депутаттары да Сарыбашовду кызматынан алууну сунушташкан. Көп өтпөй анын иш бөлмөсүнө «Бир Бол» партиясынын депутаты Дүйшөн Төрөкулов кирип барып өзүн мэр деп жарыялаган.

Эртеси күнү, 7-октябрда, Сарыбашовду колдоо митинги өтүп, анда Төрөкулов калаа башчы болбой турганын билдирген. Анын айтымында, ал Сарыбашовго «үчүнчү күчтөр» тарабынан чагым болуп, жаңжал чыгып кетпеши үчүн өзүн мэр деп атаган. Кийинчерээк Сарыбашов өз кызматына кайткан.