Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата Мекен» партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Текебаев Super TV порталына маек куруп, Садыр Жапаров, жаңы Конституция боюнча референдум жана күздө болот деп жаткан парламенттик шайлоо тууралуу пикирин айтты. Ошондой эле, Жээнбековдордун ага болгон «басымы» тууралуу да белгилеп өттү.
Текебаев Жапаровдун учурда шайланган президент жана өкмөт башчылыкты өткөрүп бербей жатышын мыйзамды одоно бузуу деп баалады. Жапаров президенттик шайлоого аттанар алдында премьер-министр кызматын толук өткөрүп бербестен, ыйгарым укуктарын убактылуу токтоткон болчу. Азыр өкмөт башчысынын милдетин биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков аткарууда.
Садыр Жапаровдун «кыялындагы Конституциясы»
Садыр Жараров инаугурациядан кийин президенттик кызматка киришет. Анын ыйгарымдары бүгүнкү Конституцияга ылайык болушу керек. Ал бүгүнкү Конституцияны сактайм деп ант берет. Бүгүнкү Конституцияда президенттик кызмат менен башка кызмат, ошонун ичинде өкмөт башчылык бири-бирине келишкис, сыйышпайт деген принцип бар. Менин жеке оюмча, ал инаугурацияга барганга чейин, балким ошол күнү эртең менен өкмөт башчылыктан биротоло кетиш керек. Мыйзам боюнча өкмөт коалициялык көпчүлүк тарабынан түзүлөт… Бирок Жапаров мырза берген интервьюларында «кийинки өкмөт ким болорун тандай элекмин» деп өзүнүн оюндагы, кыялындагы Конституция бүгүн эле кабыл алынып калгандай сүйлөп жатат. Анысы туура эмес, бир нерсе айтарда бүгүнкү мыйзамды сыйлап, ошонун рамкасында айтыш керек.
*Учурда иштеп жаткан мыйзам боюнча өкмөттү Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция түзөт.
«Май айында жаңы Конституция күчүнө кириш керек»
Жаңы мыйзам долбоору кийинки жума Жогорку Кеңешке келип түшөт деп айтты [Садыр Жапаров]. Мыйзам боюнча жаңы мыйзам долбоору келип түшкөндөн кийин бир ай коомдук талкууда болушу керек. Андан кийин үч окуу менен кабыл алынат, ар бир окуунун ортосу он күн болушу зарыл. Эгер мыйзамдын нормаларына таяна турган болсок эки ай — январь, февралдын ичинде референдум жарыяланат. Референдум апрелде өтүүчү жергиликтүү шайлоолор менен чогуу болот. Эгер аларды кошпосок эл келбей коёт, экинчиден акча кетет. Май айында ошондо бизде жаңы Конституция күчүнө кирет экен. Андан кийин шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилиши керек. Шайлоонун мөөнөтү ал болор күндөн үч айдан эрте эмес, төрт айдан кеч эмес жарыяланышы керек. Сентябрь, октябрь айына барат.
«Жээнбековдор менин парламентке келишимди каалаган жок»
Мен парламенттик шайлоого катышпаганымдын көп себептери бар, ошол себептин бири — Жээнбековдор менин парламентке келишимди каалаган жок. Эгер кааласа мен соттон бир жарым жыл мурда эле акталып, депутат болуп келип отурмакмын. Шайлоого «Ата Мекендин» таасири балким башкача болмок, балким «Ата Мекен» өтүп кетсе, үч партия мынчалык «беспредел» кылбайт беле, бул революция болбойт беле? Мен «шайлоого катышпайм» дегенден кийин биздин талапкерлерге болгон басым азайды.
«Админресурс шайлоо баштала электе эле колдонулат»
Мен шайлоочуларга айтып коёюн, админресурс шайлоо убагында эмес, шайлоо баштала электе эле колдонулат. Кантип колдонулат? Ар бири өзүнүн командасын түзөт, бийлик дагы өзүнүн командасын түзөт.
Партияга добуш ала турган адамдарды… Авторитеттүү, жакшы адамдарды деген жокмун, добуш ала турган деп жатам. Бирөө сатып алат, бирөө коркутуп алат, бирөө алдап алат, бирөө авторитети менен алат. Добуш ала турган адамдарды бийлик өзүнө керектүү партияларга киргизгенге аракет кылат. Өзүнө керексиз, добуш ала турган адамдарды кууйт. Ар кандай жол менен. Админресурс шайлоо баштала электе пайдаланылат.
Админресурс десе эле биз бийликтегилерди, аткаминерлерде эсептейбиз да. Бирок андай эмес, андан башка ресурс бар. Айрымдарынын базарлары бар, банктары бар дегендей. Ал жакта миңден үч миңге чейин киши иштейт. Ошонун баары ресурс. Шайлоо бүтөт, базарда иштеген киши кожоюну менен өмүр бою иштейт, керек болсо баласы дагы иштейт.
Бир мандаттуу шайлоо системасы тууралуу
Текебаев өз сөзүндө Жогорку Кеңешке бир мандаттуу округдан депутат болуп шайлануу тилекке каршы коррупциялашкан шайлоолорго алып келерин эскертти.
Бир мандаттуу шайлоону жактап келген Садыр Жапаров элдин сунуш-талабын эске алуу менен депутаттардын санын 90го чейин азайтып, анын 55и партиялык система менен калган 35и бир мандаттуу жол менен шайлоона турганын айтып келет.
Кыргызстанда 10-январда кезексиз президенттик шайлоо менен мамлекеттик башкаруу формасын аныктай турчу референдум өттү. Боршкайкомдун алдын ала берген маалыматы боюнча Садыр Жапаровго шайлоого катышкандардын 79 пайыздан ашыгы добуш берген. Ошондой эле, президенттик башкаруу системасын колдогондор 80 пайыздан бир аз ашкан.