Шайлоо-2021. Садыр Жапаров жана президенттик башкаруу формасы алдыда

Садыр Жапаров

Борбордук шайлоо комиссия президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумдун алдын ала жыйынтыктары жарыялоодо.

БШКнын саат 16:30га карата берген маалыматы боюнча, референдумга 1 421 035 жаран катышты. Учурда 1 416 433 шайлоочунун бюллетендери каралып чыгып, анын 1 368 133ү жарактуу, 48 300ү жараксыз деп таанылган.

БШКнын алдын ала эсептөөлөрү боюнча, президенттик башкаруу формасын шайлоочулардын 80,92%ы колдогон. Ал эми парламенттик башкаруу 10,94%, ал эми «экөөнө тең каршы» 4,44% добуш алган.

Президенттик шайлоодо 1 416 485 киши добуш берген. Анын ичинен 1 409 861 кишинин бюллетендери каралып чыкты — анын натыйжасында 1 398 123 бюллетень жарактуу, 11 738 жараксыз болуп табылган.

  • Садыр Жапаров — 79,16%
  • Адахан Мадумаров — 6,69%
  • Бабыржан Төлбаев — 2,39%
  • Мыктыбек Арстанбек — 1,68%
  • Абдил Сегизбаев — 1,48%
  • Имамидин Ташов — 1,19%
  • Клара Сооронкулова — 1,00%
  • Аймен Касенов — 0,92%
  • Улукбек Кочкоров — 0,67%
  • Канатбек Исаев — 0,58%
  • Элдар Абакиров — 0,50%
  • Бактыбек Калмаматов — 0,50%
  • Курсан Асанов — 0,50%
  • Равшан Жээнбеков — 0,19%
  • Каныбек Иманалиев — 0,18%
  • Жеңишбек Байгуттиев — 0,10%
  • Арстанбек Абдылдаев — 0,08%
  • Баарына каршы — 1,36%

Жалпысынан Кыргызстанда 3 563 574 шайлоочу катталган — анын 39,88%ы референдумга, 39,75%ы президенттик шайлоого катышты. Бул Кыргызстандын тарыхында өткөн президенттик жана парламенттик шайлоолорго жарандардын катышуусунун эң төмөнкү көрсөткүчү. Салыштырып көрсөк, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо шайлоочулардын 56,2%ы өз добушун берген.

Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова кыргызстандыктардын шайлоого катышуусунун төмөндөшүнө добуш сатып алуулар жок болгону жана №2 форма жоюлганы себеп болгон деп эсептейт.