Бишкекте айрым маршруткалар бүгүн да иштеген жок. Калаа бийлиги маселени кантип чечет?

Шаар тургундары маршруттук таксилердин бир бөлүгү ишке чыкпай койгондуктан бүгүн да жумуштарына, ал эми окуучулар мектепке кечикти.

Маршруттук таксилердин айдоочулары 18-январдан тартып иш таштаган. Айдоочулардын негизги талабы — жол кирени көтөрүү. Учурда маршруттук таксиде жол кире 10 сомдү, ал эми кечки саат 9дан кийин 12 сомду түзөт. Айдоочулар жол акысын 15 же 20 сомго көбөйтүүнү талап кылууда.

Жүргүнчү ташып иштегендер оор абалда болуп жатканын айтышууда — пандемиядан улам көбү жумушунан айрылып, ал эми транспортту тейлөө үчүн каражат жетпей жатат. Алар шаардыктар да кыйналып турганын түшүнгөнү менен өздөрүнө дагы кыйын болуп жатканын айтышууда.

Иш таштоого маршрутка айдагандардын бардыгы эле батынган жок, ал эми 18-январда каттамга чыккан айдоочулардын кээ бири кесиптештеринин коркутууларына кабылды.

Мэрдин м.а. Балбак Түлөбаев эмне деди?

Түлөбаев учурда тарифти көтөрүү маселеси каралып жатканын, балким жол кире майдын аягында көтөрүлүп каларын белгиледи.«Биз тарифти көтөрүп бергенге даярбыз. Бирок ал үчүн бир нече процедурадан өтүш керек», — деди ал.

Анын айтымында, маршруттук таксилер үчүн жол кире жети жылдан бери көтөрүлгөн эмес.

«Силердин бүгүнкү көйгөйүңөрдү биз билебиз. Силердин акыбалыңарды түшүнүү менен кабыл алып жатабыз, силер дагы элдин акыбалын түшүнүңүздөр. Өлкөдөгү, шаардагы абалды түшүнүү менен кабыл алыңыздар. Пандемия, кризис, андан кийин элдик толкундоолор болду. Азыр, дароо [тарифти] көтөрүп бергиле дегениңер – туура эмес», — деген чиновник, айдоочуларга кайрылып.

Түлөбаев муниципалитет кайсы маршруттук каттамда айдоочулар ишке чыкпаганын талдоого алып жатканын кошумчалаган.

«Сиздерди линияңарга чыгууну суранам, чыкпасаңыздар айла жок башка маршруттук таксилерди киргизүүгө мажбур болом. Себеби мен элди ташышым керек. Эч кимди коркуткан жокмун, үркүткөн жокмун, болгону ушундай кадамга барууга милдеттүүмүн. Айдоочулар арасында элди козуткандар бар, биз аларды билебиз, алар кыдырып башкаларды коркутуп-үркүтүп жүрүшөт», — деп белгилеген шаар башчысынын милдетин аткаруучу.

Шаардык транспорт башкармалыгы эмне дейт?

Шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Улан Бейшенбаев таңкы саат 06:30га карата Бишкектеги маршруттук таксилердин токтой турчу акыркы аялдамаларында болгону 400 маршруттук такси болгонун кабарлаган. Ал эми эртең мененки саат 9:00дө болжолдуу дагы 400дөй унаа ишке чыккан. Азыр акыркы аялдамаларда бакшармалыктын өкүлү, Бишкек ШИИБдин жана патрулдук милициянын өкүлдөрү кезметте турушат.

Башкармалыктан жүргүнчү ташуучуларды иш таштоого жана чагымга катышканы үчүн лицензиядан ажыратуу убадасы аткарыларын дагы кошумчалашты.

«Мүмкүнчүлүккө жараша лицензиялардан ажыратуу боюнча Транспорт министрлигине өтүнмө берип турабыз. Азырынча [нааразылык акциясына жана чагымдарга катышкан] компаниялардын тизмеси түзүлө элек. Шаарды коомдук транспорт менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча ишти улантып жатабыз, бардыгы ордуна келери менен тийиштүү чараларды көрөбүз», — деп түшүндүрдү шаардык транспорт башкармалыгынын өкүлү Бекжан Ахматбеков.

Ал 18-19-январда маршруттук таксилердин айдоочуларын коркуткандар тууралуу маалымат ИИМге берилгенин айтты.

«Айдоочуларды коркуткан чагымчылар тууралуу маалымат укук коргоо органдарына берилди, алар мыйзам чегинде чара көрүшөт. ИИМ менен биргеликте иштеп жатабыз, кечээ күнү айдоочулар менен жолуктук, мыйзам бузбаш керектигин, чагымчылардын тузагына түшүп, чоочун мүлккө зыян келтирбеш керектигин түшүндүрдүк», — деп жыйынтыктады Ахматбеков.

Бишкек ШИИБинен эмне дешти?

ШИИБдин басма сөз кызматы маршурттук таксилердин айдоочулары чагымдарга алдырбай, өз жумуштарын тынч аткарышы керек деп билдирди. Ведомство айдоочуларга чагым болгон учурларда милиция кызматкерлерине маалымдоону же күнү-түнү иштеген 102 номерине чалууну сунуштайт. Кайрылгандардын купуялыгына кепилдик берилет.

Бишкекте жол кирени жогорулатуу тууралуу

Маршруттук таксилердин айдоочулары үч жылдан бери жол кирени көтөрүү талабын коюп келишет. Айдоочулар 2018-жылдын апрель айында да жумуштагы чыгымдар көп болуп жатканын айтып, иш ташташкан. Ошондо алар жүргүнчүлөрдүн камсыздандыруусу жок болгону үчүн салына турчу айыппул тууралуу мыйзамга каршы чыгышкан.

Бийлик камсыздандырууну киргизүү мөөнөтүн жылдырган, ал эми патрулдук милиция айдоочуларга айыппул салбоого макул болушкан. Бирок мэрия анда жол кирени көтөргөн эмес.

Бишкектин инфраструктурасы шаардын бардык аймагына троллейстарды жүргүзүүгө жол бербейт. Ошондой эле, бийлик жүргүнчүлөр агымын камсыздоо үчүн керектүү сандагы автобус жана троллейбустарды жүргүзө албайт.

Ошол себептен, маршруттук таксилер шаар тургундары үчүн көп колдонула турган транспортко айланган. Анын үстүнө, Бишкектин айланасындагы жаңы конуштардын тургундары шаарга маршруттук такси менен гана барып келе алышат.