Бишкекте айрым маршруттук таксилер жол акысын 15 сомго көтөрүүнү талап кылып иш ташташты

Бишкекте 18-январда айрым маршруттук таксилер жол кире акысынын арзандыгына арызданып жумушка чыкпай коюшту. Айдоочулардын иш таштоосуна байланыштуу мэрдин м.а. Балбак Түлөбаев фейсбук барагында видео кайрылуу жасады.

Түлөбаевдин айтымында, айдоочулар маршруттук таксинин акысын кечиктирбестен көтөрүп берүүнү талап кылышууда, бирок ал үчүн Эномика министрлигинде, андан соң шаардык кеңеште бир нече процедурадан өтүш керек.

«Өзүнүн процедурасы бар, биз аны Экономика министрлигине жөнөтүп, ал жерден анализин чыгарып берет, андан соң шаардык кеңешке киргизебиз. Биз тарифти элдин акыбалына жараша, силер менен сүйлөшүп көтөрүп бергенге даярбыз. Ал үчүн бизге убакыт керек. Апрель айында шаардык кеңешке жаңы шайлоо болот, шайлоодон келген жаңы кеңеш менен маселени май айына чейин чечип бергенге аракет кылабыз», — деди Түлөбаев кайрылуусунда.

Мэрдин м.а. эгер иш таштаган айдоочулар түшкө чейин каттамга чыкпаса, башка маршруткаларды каттамга чыгарууга аргасыз болорун кошумчалады. Себеби шаардыктарды ташыш керек.

Кийинчерек шаардыктар менен жолугушууда Түлөбаев тарифтерди жыл аягына чейин жол кире акысы 15 сомго чукул болгудай кылып акырындык менен көтөрүшөрүн айтты.

Буга чейин шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткарып жаткан Улан Бейшенбаев маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштай турган болсо, мэрия жүргүнчү ташуучулардын лицензиясын чакыртып алуу үчүн Транспорт министрлигине кайрыларын билдирген.

Айдоочулардын иш таштоосу калаа мектептеринде оффлайн окутуу башталган күнгө туура келди: 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары 18-январдан тартып мектеп парталарына кайтып барышты.