Мелис Аспеков Жапыкеевге каршы эч кандай көрсөтмө берген эмес — шектүүнүн адвокаты

Мелис Аспековдун адвокаты Назира Абышкаева 19-январь күнү басма сөз жыйында коргоп жаткан адамы Финполдун башчысы Сыймык Жапыкеевге каршы эч кандай көрсөтмө берген эместигин маалымдады.

Контекст: Мелис Аспеков блогер Улан Жураев менен биргеликте «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар опузалоого шектелип, УКМК тарабынан 9-январда кармалган. Кийинчерек ЖМКларда Аспеков тергөөгө көрсөтмө берип, 250 миң доллардын 50 миңи Жапыкеевге берилмек делген маалымат пайда болгон. Жапыкеев өзү Аспеков менен эч кандай байланышы жоктугун айтууда.

«Аспеков опузалоо фактысы тууралуу УКМКнын имаратынан угуп, абдан таң калган. Ал укугун колдонуп, көрсөтмө берүүдөн баш тарткан. Ал эми Жапыкеев боюнча эч кандай маалымат берген эмес», — деди адвокат.

Анын айтымында, Аспековдун бул кылмышка аралашканы боюнча эч кандай факт жана далил көрсөтүлгөн эмес.

«Мелис Аспековдун айтымында, ал арызануучу менен чала тааныш. Ал аны өмүрүндө бир эле жолу көрүптүр. Тергөөнүн ал бул кылмышка барганын далилдеген эч кандай фактысы жок: бир дагы аудиосу, видеосу дагы жок», — деди ал.

Ошондой эле, Абышкаева доогер Улуттук коопсуздук комитетине 2021-жылдын 8-январында саат 16:16да кайрылганын билдирди. Ал эми Мелис Аспековду ошол эле күнү кечки саат 8де кармашкан.

Басма сөз жыйында Мелис Аспековдун бир тууганы Азамат дагы болгон. Ал агасы кармалган батир ижарага алынганын билдирди.

Ал бир тууганы батир сатып бизнес кыларын кошумчалады.

«Биздин жеке компаниябыз бар. Өмүр бою жетиштүү турмушта жашап келебиз. Агам Швейцариядан билим алган, өмүр бою кымбат унааларды айдап жүрөт. “Лексус” 570 унаасы бул ишке чейин эле бар болчу. Биз аны узак мөөнөткө, бөлүп төлөө келишими менен сатып алганбыз», – деп билдирди Азамат Аспеков.

Аспеков менен Жураевдин иши

Биринчи май райондук соту 10-январда «жарандык активисттер» Мелис Аспеков менен Улан Жураевди 9-мартка чейин УКМКнын тергөө изоляторунда калтырууну чечкен.

Алар темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу менен алектенген «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар опузалоого шектелип кармалган.

Мурда, 2020-жылдын ноябрь айында Жураев ичинде ашканасы, уктоочу жана жуунуучу бөлмөсү бар вагондо тартылган видео жарыялаган. «Бул эмне болгон поезд? деген суроого Жураев — «достордун белеги» деп жооп берген.

Аспеков менен Жураев кармалгандан кийин УКМК бул эки адамдын опузасына кабылгандар болсо атайын кызматка кайрылууну өтүнгөн.

Аспеков «Мекенчил» партиясынын мүчөсү жана Садыр Жапаровдун жигердүү тарапкери катары белгилүү болгон. Социалдык барактарында Жапаровдун шайлоочулар менен жолугушууларын чагылдырып, анын пайдасы үчүн үгүттөп жүрчү.

2020-жылдын ноябрь айында Аспеков Садыр Жапаровдун шайлоо штабынын Чүй облустук бөлүмүн жетектей баштаганын кабарлаган. Ал эми штабдын өкүлдөрү жана Жапарводун өзү дагы Аспековдун командага тийешеси жоктугун айтышкан.

Анткен менен президенттикке талапкерлигин көрсөткөн УКМКнын эск-башчысы Абдил Сегизбаев Аспеков Жапаровдун үгүтү үчүн акча чогултуп жүргөнүн айткан.