Мелис Аспеков жана Улан Жураев эки айга УКМКнын изоляторуна киргизилди

Мелис Аспеков жана Улан Жураев

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту активист Мелис Аспеков жана блогер Улан Жураевди эки айга УКМКнын тергөө изоляторуна киргизди. Алар 9-мартка чейин абакта болушат.

Аспеков жана Жураев «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар опузалоого шектелип, УКМК тарабынан 9-январда кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, шектүүлөр «финансы полиция ишкананы текшерет жана жетекчилигине каршы митинг уюштурулат» деп коркутуп, «Кыргыз темир жолунун» жетекчилеринен акча талап кылышкан.

Мелис Аспеков 30-октябрда президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун Чүй облусу боюнча штабын жетекчиси болгонун айткан. Көп өтпөй «Коом.пресс» басылмасы «Мелис Аспеков спортчуларга 10 миң доллар берди» деген макаланы жарыялаган. Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам тобу бул окуяны иликтөө үчүн милицияга жана Башкы прокуратурага кайрылган. Мындан кийин аталган макала өчүрүлгөн.

Бул окуядан кийин Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Александр Мощин Аспековдун үстүнөн БШК жана ИИМге кайрылып, ал шайлоо штабынын кызматкери эмес экенин белгилеген.

Ал эми Садыр Жапаров 10-январдагы шайлоодо добуш берип чыгып, Аспеков спортчуларга үгүт маалында акча бергени айтылгандан кийин териштирүү жүргүзүлүп, ал анын штабына тиешеси жок болуп калганын билдирген.

Ал эми Улан Жураев 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого катышып, «Ата Мекен» партиясынын тизмесинде 18чи болуп турган. Жураев президенттик шайлоодо Жапаровду колдоп, Мелис Аспеков менен чогуу жүргөн.