19-январда Жогорку сот 1998-жылы «Кумтөрдүн» жүк ташуучу унаасы оодарылып, 1740 килограмм цианиддин Барскоон суусуна төгүлүшү боюнча кассациялык доону карады. 2005-жылы 29 жабырлануучу доо арыз берип, инвестордон келтирилген зыяндын ордун толтурууну талап кылышкан. Алардын 17си гана Жогорку соттун чечими чыкканга чейин жашашты.
* «Кумтөрдүн» маалыматына караганда, цианид төгүлгөндөн кийин суу хлор менен тазаланган, мындан улам жергиликтүү тургундар ууланган. 17 000 адам медициналык жардамга муктаж болуп, 2000 адам жабырлануучу деп табылган, эки киши көз жумган.
Жогорку сот аталган ишти төртүнчү жолу карады. Бирок буга чейин соттор ишти ылдыйкы инстанцияларга жөнөтүп келишкен. Доогерлер процесстин создуктурулуп жатканына даттанышкан.
Сот буга чейинки инстанциялардын чечимин күчүндө калтырды. Ал чечимге инвестор макул болбой келген – ага ылайык инвестор доогерлердин ар бирине 400 миң сомдон төлөп бермек. Бирок бардык 29 доогердин көзү тирүү болгондо компания 11 600 000 сом (11 миллион 600 миң сом) төлөмөк, эми 2021-жылга чейин жашаган 17 гана жабырлануучуга кенемте төлөйт. Бул сумма алда канча төмөн – 6 800 000 сом (алты миллион сегиз жүз миң сом).
«Кумтөр» азырынча соттун чечими тууралуу комментарий бере элек. Бирок сот отурумунда компаниянын адвокаты Чолпонбек Айтбаев кенемтени инвестор эмес, өкмөт төлөп бериши керек деген оюнан кайткан эмес. Ал өкмөт менен компаниянын 1998-жылдагы келишимине шилтеме келтирген – анда ушул сыяктуу макулдашуулар болгон.
«1998-жылы «Кумтөр Оперейтинг Компани» менен өкмөт келишим түзгөн. Анда бардык жоопкерчиликти өкмөт өзүнө алат деп жазылган», – деген ал.
Айтбаевдин айтымында, инвестор буга чейин келтирилген зыян үчүн 91 млн 279 миң 467 сом кенемте төлөп берген, бирок жабырлануучулар «моралдык чыгым» төлөөнү талап кылып жатышат.
Жабырлануучулардын адвокаты, мурдагы парламент депутаты Эркингүл Иманкожоева 1998-жылы жабырлануучулар компаниядан кенемте албаганын айтууда.
«Эч кандай моралдык чыгым берилген эмес. Компания 700дөй кишиге акча бердик деп жазып алышкан. Азыр ал тизмени көрсөтүп жатышат. Бирок ал жерде бир да барскоондук жок. Кимдерди жазышканы белгисиз. Буга чейинки сот отурумдарында мен компаниялардын өкүлдөрүнө ушул тууралуу суроо бергем. Бирок жооп бере алышпады. Сөз болуп жаткан 91 млн. сомду ким тактап бергени да белгисиз. Мындан тышкары эч ким ооруган эмес деп жатышат. Бизде бардык далил документтер бар. Азыркыга чейин ошол окуянын азабын тартып жүрүшөт», - деп билдирген Иманкожоева.
Ал эми өкмөттүн өкүлү Данияр Баратов инвестор тарабынан кенемте катары берилген 91 миллион сомду өкмөт короткон деп түшүндүрдү.
Көрсө, бул акчаны өкмөт цианид төгүлгөндөн кийин жарыяланган «өзгөчө абал режиминин» кесепеттеринен арылууга жумшаган экен. Баратов доогер тарапка моралдык чыгым төлөнбөгөнүн моюндады.